Комплекс ак жубар таштан жасалган 23 тактадан турат. Алардын бетине 1944-жылдан бери кесипкер милдетин аткарып жатып каза тапкан 1884 кабарчынын ысымы чегеленип жазылды. “Азаттыктын” кабарчысы Огулжамал Йазлыева билдиргендей, 2006-жылы киши колдуу болгон 83 журналистке арналган эстелик тактанын алдында көзү өткөн кабарчылардын жакындары, достору жана кесиптештери сөз сүйлөштү.
Жубар таштагы ысымдардын арасында “Азаттыктын” Түркмөнстандагы мурдагы кабарчысы,маркум Огулсапар Мурадованын да ысымы жазылган. “Азаттыктын” радиоберүүлөр боюнча директору Мишель Дубак өз сөзүндө эстелик комплексин уюштуруп кургандарга ыраазылык билдирди жана радионун программалары уктурулган аймактарда,анын ичинде Түркмөнстанда сөз эркиндиги чөйрөсүндөгү кырдаал кыйын экенин белгиледи. Соңку кездери “Азаттыктын” айрым кабарчыларынын Түркмөнстанда дайыны чыкпай кетти, айрымдары бийликтердин кысым-кыйгагына туш болду.
Эстеликтин ачылышына катышкандар киши колдуу болгон кабарчылардын саны өсүп жатканына олуттуу камтамачылыгын билдиришти. Алардын саны мурдагы жылы 63 болсо, былтыр 83кө жеткен. Иш чарага катышкандар журналисттерди коргоо үчүн колдон келген бардык күч-аракеттерди көрүү зарылдыгын белгилешти.