Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев бүгүн 3-май - Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө байланыштуу АКШ өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен иштеп жаткан «ММКны колдоо борбору» басмаканасына барып, сөз сүйлөдү. Алмазбек Атамбаев сөзүндө журналисттердин жоопкерчилигин баса белгиледи. «Сөз менен өлтүрүп койсо да болот. Бул менин өзүмүн башыман өткөн. 1995-жылы мен парламент депутаттыгына шайлоого чыкканда, Атамбаевди эл душманы деп жарыялаган мен жөнүндө төрт өзүнчө берүүлөр болгон. Менин карыган энем ушул берүүлөрдү көрүп жатканын ойлобоптурмун, а анын атасы «эл душманы» атыгып репрессияланып кеткен эле. Ушул берүүлөрдү көргөндөн кийин менин энем санаага чөгүп, бир айдан соң ары карап кетти»,- деди премьер-министр. Анын айтымында, этиятсыз айтылган сөз менен дин аралык, улут аралык касташуу-кармашуунун тутантып жиберүү мүмкүн экендигин журналисттер эстен чыгарбашы керек. Өкмөт башчы ошондой эле «Агым» газетасынын нускасы укук коргоо органдары тарабынан тартылып алынган апрелдеги окуяга кайрылып, мындай кемчилик-өксүктөр болуп жатканына өкүнгөнүн, мындай аша чапкан жоруктар кайталанбай турганын билдирди. Премьер-министр бир эле учурда журналисттерди ур-токмокко алууга таптакыр жол берилбей турганын баса белгилеп, бул жөнүндө эмнегедир оппозициянын жоопкерчилигин эскертип өттү. Байкоочулардын баамында, оппозиция уюштурган апрель акцияларында журналисттерге кол көтөргөн учурлар болгон, премьер-министр ошол окуялардан улам оппозицияга сын айтып жаткансыйт. (KCh)