Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

ИРАК БОЮНЧА ИРИ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Мисирдин Шарм-эл-Шейх деген курорт шаарында 3-майда Ирактагы абал боюнча эки күндүк ири эл аралык конференция башталды. Анын алкагында АКШ менен Ирандын тышкы иштер министрлери эки тараптуу сүйлөшүү да жүргүзүшү мүмкүн.

Конференциянын эки күнүндө эки негизги маселе талкууланат. Биринчи күнү - Ирактагы экономикалык абал жана анын чарбасын калыбына келтирүү, ага кандай экономикалык жардам көрсөтүлүш керек экени жөнүндө сөз болууда. Бириккен Улуттар жана Дүйнөлүк банктын жардамы менен Ирак өкмөтү түзгөн беш жылдык план дагы талкууга коюлду жана аны кантип ишке ашыруу боюнча Ирак менен эл аралык коомчулук ортосунда келишим түзүлүүгө тийиш.

План боюнча, беш жылдын ичинде Ирак - экономикалык жактан өзүн өзү камсыз кылган туруктуу демократиялык өлкөгө айланыш керек, анын кошуна мамлекеттер менен болгон мамилелери дагы туруктуу нукка салынып, өлкө эл аралык экономиканын ажырагыс бөлүгү катары аракеттене алган абалга жетиш керек.

Конференциянын ишине Бириккен Улуттардын баш катчысы Пан Ги Мун, Европа Биримдигинин тышкы саясаты жана коопсуздук маселелери боюнча бийик өкүлү Хавьер Солана, Араб Лигасынын баш катчысы Амр Муса, Исламдык конференция уюмунун жетекчиси Экмалидин Иксаноглу жана башка жетекчилер катышууда.

Конференцияны Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики ачты жана дүйнө коомчулугуна кайрылып, өлкөнүн тышкы карызын кечүүгө чакырды: "Бул конференцияга катышып жаткан биздин туугандар жана досторду биз - Ирактын карыздарын кечүүгө чакырабыз. Ошондон кийин Ирак чарбасын калыбына келтирип, бузулган чөйрөнү кайра курууга кирише алат", - деди премьер.

Ирактын азыркы карызы 50 миллиард доллардын тегерегинде, буга чейин чет мамлекеттер жана эл аралык каржы уюмдары анын 100 миллирад доллардан ашык карызынан кечкен.

Конференциянын экинчи күнүндө негизинен саясий жана региондо коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланат, бул күнкү жыйын тышкы иштер министрлер деңгээлинде өтөт. Конференцияга катышуу үчүн АКШ, Орусия, Иран, Сириянын тышкы иштер министрлери Кондолиза Райс, Сергей Лавров, Манучер Моттаки, Валид Муаллем жана башка өлкөлөрдүн министрлери келди.

АКШ Мамлекеттик катчылыгынын айтымында, конференция учурунда америкалык менен ирандык жана америкалык менен сириялык министрлер ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүшү мүмкүн. Вашингтон менен Тегеран ортосунда 1979-жылдан бери дипломатиялык мамиле жок, ошондуктан эгер Райс менен Моттаки жолукса, ал окуя - отуз жылга жакын мезгилдеги мынчалык жогору деңгээлдеги биринчи жолугушуу болот.

АКШ Конгресси тарабынан былтыр түзүлгөн атайын комиссия декабрда ири доклад жарыялап, Ирактагы абалды жөнгө салуу үчүн Иран жана Сирия менен мамиле түзүп, аларды Ирак боюнча сүйлөшүү жараянына кошуш керек деп сунуштаган, бирок америкалык өкмөт акыркы мезгилге чейин андай жолугушууларга каршы чыгып, Ирактагы согушкерлерге Иран менен Сирия тымызын жардам көрсөтүүдө деп Дамаск менен Тегеранды күнөөлөп келген.

XS
SM
MD
LG