Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:11

ИРАККА ЖАРДАМДАШУУ ПЛАНЫ ЖАКТЫРЫЛДЫ


Египетте өтүп жаткан эл аралык эки күндүк конференцияда кечээ Иракка жардамдашуунун беш жылдык планы кабыл алынды. Форумда бүгүн Ирактагы коопсуздук маселеси талкууланат. Жыйынга Улуттар Уюмунун, ”Чоң сегиздин”, Евросоюздун, Арап мамлекеттер лигасы менен Ислам конференциясы уюмунун, Иракка коңшулаш өлкөлөрдүн делегациялары катышууда. Кечээ жыйын маалында АКШнын жана Сириянын тышкы иштер министрлери жолугушту.

Иракка жардамдашуу планы беш жылга эсептелинген. Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Шарм-эш-Шейхте 70тен ашуун делегациянын катышуусу менен эл аралык план ырасмий түрдө старт алганын айтып, бул окуяны бир жылга созулган даярдык иштеринин чечүүчү учуру катары баалады. Бүгүнтөн тартып алдыдагы беш жылдык планды жүзөгө ашыруу иши башталат, деп айтты баш катчы.

Жыйында Ирак он миллиарддаган доллар тышкы карыздарынан сакыт кылынганы да айтылууда. Ушундай өтүнүч менен аласакорлорго кечээ Ирактын премьери Нури ал-Малики кайрылган эле.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс планды жүзөгө ашыруу иши маал-маалы менен масилет куруп, Ирактагы жетишкендиктер менен бирге донорлор өз милдеттенмелерин кандай аткарып жатканын баалап-байкап турууну талап кыларын белгиледи.

Райс жыйын маалында Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллим менен жолукту. Сүйлөшүү учурунда тараптар олуттуу эч кандай деле проблеманы чечпегени менен алардын жолугушканы өзү жакшы жышаан катары бааланды. Вашингтон көптөн бери Сирияны мусулман өлкөлөрүнөн чогулган ар кошкон козголоңчулардын Иракка өтүшүнө жол берип жатканы үчүн айыптап келген. Акыркы бир ай ичинде Сирия чек арадагы режимди күчөткөн соң кырдаал кыйла жеңилдей түшкөнүн конференция ачылган күнү Ирактагы америкалык аскерлердин башкы колбашчысы ырастады.

Шарм-эш-Шейхте Райс менен Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки да жолугушушу мүмкүн дегендей түкшөмөлдөр айтылды эле, кыязы,алар түкшөмөл бойдон калат сыяктанат. Деген менен эки министр жыйында баш ийкешип саламдашкан болушту.

Иран министринин жыйынга келери да бүдөмүк эле,бирок ал Шарм-эш-Шейхке келди жана келер менен эле АКШга катылды. Иракта баарыдан мурда аны оккупациялап алган өлкөнүн натуура саясатынан улам кыйындап кеткен кырдаал башка маселелерди чечүү аракетин тааталдаштырат, деп айтты Моттаки.

Ошол эле учурда ал бардык тараптар Ирактагы стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылууну колдоого тийиш экенин да белгиледи.

Шарм-эш-Шейхтеги конференцияда бүгүн дал ушул маселе талкууланат.

XS
SM
MD
LG