К.О: -29-апрелде № 57 Кемин округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо болуп өттү. Бул шайлоо жол тосуулар менен, камакка алуу, суракка алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясынын көчмө жыйыны менен коштолду. Мына ушул окуяны талкуулоо үчүн биз ушул шайлоого көзөмөл кылган Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеваны, Жогорку Кеңешке ошол округдан депутаттыкка талапкер болгон генерал Кеңешбек Дүйшөбаевди жана ошол шайлоодо эң көп добуш алды делген Эрик Арсалиевдин ыйгарымдуу өкүлү Нармед Азизовду чакырдык. Саламатсыздарды, кош келипсиздер.
Мына кечээ Борбордук шайлоо комиссиясы көчмө жыйынын өткөрүп, Кеминдеги төрт участоктун жыйынтыктарын текшерди. Ошол жердеги добуштар бурмаланган деген маалыматтар болду. Нармед мырза, мен суроону сизден баштасам. Мына БШК Эрик Арсалиевдин пайдасына 1210 бюллетень жасалган деген жыйынтык чыгарып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Эгер эле Борбордук шайлоо комиссиясы кайсы бир себептер менен өзүнүн чечимин чукул өзгөртүп жибербесе эми кайра жаңы шайлоо өтүшү керек. Сиздер чындап эле добуш жасадыңыздар беле? Эгер ошондой болсо бул иш такыр эле билинбей калат деп ойлодуңуздар беле?
Н. А: -Андай болбошу мүмкүн. Себеби биз жакшы эле карап келе жатканбыз. Кийин эмне болуп кеткенин өзүбүз деле билбей калдык. Ал чагым. Арсалиев жагынан эч нерсе, эч ким менен деле сүйлөшкөн жокпуз. Эч жакка барган да жокпуз.
К. О: -Эмнени чагым деп жатасыз?
Н. А: - Төрт округдун жыйынтыгы туура эмес деп жатасыңар. Биз дагы ошону такыр түшүнбөй калып жатабыз. Биз эсептеп келе жатканда бүт эле жакшы келе жаткан. Азыр мына сиз берип жаткан бюллетенди карап туруп, мен өзүм дагы таң калып отурам. Бул жерде “каршы” деген жеринде 5158 шайлоочунун добуштары турат, ал эми Арсалиевдики 4739 деп. Биз текшергенде 4706 каршы чыккандар бар болчу. Эми кайсы жерден 500 добуш пайда болуп калды? Таң калып турабыз. Кийин биз жактан бирөөлөр кошуп жиберди дегенге деле кошулбайм. Себеби тигил жакта өзүнүн кароолдору бар болчу.
К. О: - Кыскасы, сиздерге жагдай түшүнүксүз экен. Анда сиз Токтайым айым, айтсаңыз. Укук коргоочулар: Сиз, Төлөйкан Исмаилова Асаналиевна, Азиза Абдурасулова ж. б. болуп бир топ кишилер байкоочу болуп турдуңуздар. Айрым маалыматтар боюнча 800гө жакын байкоочу болгон экен кеминде. Төрт участок боюнча жагдайды айтып берсеңиздер?
Т. Ү: - Нармед мырза, Э.Арсалиевдин ишенимдүү адамы кечээ Борбордук шайлоо комиссиясынын ачык жыйынына катышты. Бир эмес үч киши катышты. Бул эми тарыхта болбогон окуя - 66 саат бою биз тынымсыз, уктабай, бири-бирибизди алмаштырып, сейфти кайтарып отуруп көзөмөл жүргүздүк. Сейфти саат сегизде ар нерсе кошулганы билингенден кийин бул 30-апрель күн болчу ачтык, окружком качып кетти, сейф ачык калды, БШКнын өкүлү бар экен. Арсалиевдин өкүлү болсо башка байкоочунун камерасын сындырып, талкалап уруп жатканда биз БШКнын адамдарын чакырдык. Ошондо келип калышып, анан алар көрүшүп: “о, кокуй бул сейфти чаптабай кетиптирби” деди. Эл аралык байкоочулар, БШКнын өкүлү жана канча деген байкоочулар окружкомдо отурган, анан чаптаттык. Ошол эле учурда окружком бүт участкалык комиссиялардын мөөрлөрүн чогултуп алып, сейфке салып койду. Аны эмне үчүн кылды? Ал дагы суроо туудурат. Төрт участокту окружком арыз түшкөндө эле караш керек эле. Санаш керек эле.
Мына кечээ Төлөйкан Асаналиевна, Азиза Абдурасулова баш болуп, үймө-үй кыдырдык. Бардык участкалык комиссия төрагалары качышты. Барбайбыз, деп ыйлагандары болду. Бизди коркутуп жатышат, дегендер болуп жатат. Телефон чалып жатат, дегендер да бар. Ошол эле учурда кечээ БШКнын беш өкүлү барды. БШК өз жумушун мыйзам чегинде аткарды. Бизден түшкөн арыздарды 30-апрелде саат беште карады. 1-майда саат ондо беш кишиден турган комиссия келди. Ошондо да окружком келбей, ошол жерде келип алып анан каякта бир өзү мыйзам чыгарып, сотко берем деп чыкты. Сот уруксат берсе ачам, бербесе ачпайм дейт.
Учет, протокол бул Арсалиевдин ишенимдүү адамдырынын колунда да бар.
К. О: - Алар ага макул болдубу?
Т. Ү: - Алып кетишти. Кол коюлду. Берилди. Телевидение тартып алды. Тынымсыз “Азаттык” радиосу иштеди жана “НТС” телевидениеси иштеди.
К. О: - Эмне үчүн Кемин шайлоо округунда мынчалык ызы-чуу болду? Бермет Акаеванын сот аркылуу шайлоодон четтетилишине ким кызыкдар?
Т. Ү: - Эми мен ойлойм чечим башкача болот беле эгерде элге акыркы эки жумада ушундай басым көрсөтүлбөсө. 28-апрель күнү өзүңөр көрдүңөр Берметти он эки саат кармады. Тогуз жарым саат прокуратура суракка алды. Кеминдин прокуратурасы эмес, Чүй облусунун прокуратурасы. Ошол жерде прокурор өзү баш болуп чуркап жүрдү. Чынын айтканда, 28-апрелде эле шайлоо туура эмес, шайлоо болбосун деген чечим чыгыш керек болчу. Себеби деген кодекс боюнча шайлоо болор күндүн астында, эгерде участкалардын жанында же ичинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жүрсө, облустук эмес, республиканын масштабындагы эмес, райондун масштабындагы күчтөр болсо шайлоону токтотуш керек болчу. Себеби деген бул элдин эркин, өз оюн билдирүүгө чоң кысым. Ар бир күчкө карама-каршы күч бар. Карама-каршы күч болуп бул ирет эл өзү чыкты.
К. О: - Кеңешбек мырза сизге суроо берейин. Сиз түздөн-түз талапкер катары ат салыштыңыз. Шайлоо кандай өттү? Басым, кысым болдубу? Бирин-экин талапкерлерге Акүй тараптан жан тартуу болдубу же болгон жокпу?
К. Д: - Эми шайлоо кандай болгонун жыйынтыгы көрсөтүп жатпайбы. Жыйынтыгы кандай болуп бүтсө, демек, шайлоо да ошондой болду да. Мен дагы айтайын дегеним бул жерде төрт участок бул жыйынтыгы акыркы болуп келген гана участоктор. Андан башка участоктордо абал кандай болду аны бир кудайдын өзү билет. Ошондуктан биз бүгүн партиябыз менен мындай талап коюп жатабыз - эгерде биз бардык жагын териштирип билгибиз келсе, анда бардык 44 участок кайра текшерилип, кайра саналып чыгыш керек. Ошондо жагдай анык, так билинет.
К . О: - Демек, сиз жеке эле акыркы текшерилген төрт участок эмес, калган участоктордо да добуштар бурмаланган деп ишенимдүү айта аласыз?
К. Д:- Ошондой деп айтууга бизде негиз бар.
К . О:- Бермет Акаеванын шайлоодон четтетилишине ким кызыкдар деп ойлойсуз? 27-апрелде Жогорку Сот Кемин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Сиздин өзүңүздүн пикириңизде шайлоо болгонго чейинки алты айда Кыргызстандын аймагында жашаш керек болчу деген шылтоо деп жатышат. Сиз буга кандай көз караштасыз?
К. Д: - Мен эл менен жолугуп жатканда да айттым - эч ким шайлоо процессинен калбай, баары эле катышса жакшы болмок. Анткени эл тараза да. Кудайдын буйругу менен эл кимди тандап алат, ошо жакшы болмок. Бирок, сот чечим чыгаргандан кийин каалайбызбы, каалабайбызбы соттун чечими мыйзамдуу деп биз ага баш ийишибиз керек. Анткени, биз укук талаасында жашап, баардыгын мыйзам чегинде жасашыбыз керек.
К . О: - Бермет Акаеванын сот аркылуу шайлоодон четтетилишине мурдагы президент Аскар Акаев “РИА Новости” агенттигине айтыптыр: жаңы Конституция боюнча андай норма жок болчу, шайлоо болгонго чейинки алты айда сөзсүз Кыргызстандын аймагында жашаш керек деген норма жаңы Конституциядан алынып салынган” деп. Демек, сот мыйзамсыз чечим чыгарды деп айтса жарашабы?
К. Д: - Менин билишимче, бул боюнча Жогорку Кеңеш мыйзамга атайын комментарий берип, мурунку мыйзамдын талаптары буга колдонулабы, колдонулбайбы атайын корутунду чыгарып берген. Ошондуктан мен ойлойм, бул жерде Борбордук шайлоо комиссиясы мурунку мыйзамдарды эске алып, анан Жогорку Кеңештин корутундусун эске алып ошондой чечим чыгарды болуш керек. деп.
К . О:- Нармед мырза, өзүңүз деле көрдүңүз азыр сизден мурда сүйлөгөн эки киши айтышты – шайлоодо бир талапкерге жан тартуу байкалып турду дешип. Ачык айтканда, сиз ыйгарым өкүлү болуп келип жаткан Эрик Арсалиев мырзага түздөн-түз президенттик администрация өзү кийлигишип, жардамдашты деген маалыматтар болду. Сиз бул маалыматтарга кандай жооп бере аласыз?
Н. А: - Арсалиевге Акүйдөн эч ким деле жардам берген жок. Андай тааныштары деле жок. Экөөбүздүн иштешип келе жатканыбызга он жыл болду. Мен ойлоп жатам шайлоо болгондон кийин эле 29-апрелде жыйынтыгын чыгарыш керек болчу. Анын үстүнө мөөрлөрүн деле таштап кетиптир, сейф деле ачык калыптыр. Биз ойлоп жатабыз бул- Арсалиевге каршы уюштурулган атайын бир чагым болду го деп.
К . О: - Демек, мындай иш аракеттерди башка талапкерлер жасады деп ойлойсуздарбы?
Н. А:-Ким билет, жасады деп ойлойбуз.
К . О:- Сиздер мындан ары кандай кадамдарга барасыздар. 2-майда Кеминде Арсалиевди колдоочулардын демилгеси менен пикет өттү дейт. Кийинки кадамдар кандай болот?
Н. А:- Сотко кайрылабыз.
К . О: - Сотко кандай негиз менен бересиздер?
Н. А:- Эмне үчүн бизге көп добуш кошуп салды деген негизде. Экинчиден, эмне себептен ушундай мыйзам кийин чыгып жатат. Жараксыз шайлоо деген. Жолдош генерал айткандай бүт участкалык округдарды текшериш керек. Мен деле отуруп эсептегем. Ошол күнү биз жазып турганбыз. Кийин эле алып келгенде эле таңкалдык. Эмне мынча каршы көп чыгып кетип жатат.
Т. Ү: -Жок. Каршы эмес. Биринчи силердин балдар эсептеп бүткөндө Эрик Арсалиевге 1340 добуш ашык түшкөн.
Н. А:- Андай болбош керек болчу.
Т. Ү: - Анда силер туура айтасыңар. Арыз жазышыңар керек. Эмне үчүн бизге биринчи күнү көп добуш бердиңер. Экинчи күнү көрсө калп экен деп.
Н. А:-Эмнеге биз ошентип арыз беришибиз керек. Мен ойлоп жатам аны атайын провокация кылып туруп бирөөлөр жасады.
Т. Ү: - Кечээ күнү сиздин ыйгарымдуу өкүлүңүз айтты - биз мындан да көбүрөөк добуш алышыбыз керек болчу деп.
Н. А: - Биз мындан деле көбүрөөк добуш алышыбыз керек болчу. Себеби Чоңкемин, Кичикемин Арсалиевге жакшы эле мамиле кылып жүрдү эле. Биз аларга ишендик.
Т. Ү: - Талапкер Токтоалиевдин атасы менен бир туугандары Чымкоргондо жашашат, Токталиев болсо өз айылынан бир да добуш албаптыр. Ошондой болушу мүмкүнбү?
К. О: - Жок дегенде ата-энеси добуш бериш керек эле да.
Т. Ү:-Туура айтат Дүйшөбаев мырза добуш жасамайлар аябай көп болду.
Н. А:-Ошон үчүн комиссия баарын текшериш керек болчу.
Т. Ү:-Менин сотко бере турган видеоматериалдарым бар. Ошол жерде көрөсүз. Кимдин машинес,и кимдин ыйгарымдуу өкүлү эртең менен саат сегизде участкалык комиссияны чогултуп жүргөнүн. Экинчиден, БШКнын ачык чогулуш болуп жатканда төрагага телефон чалып, тапшырма берип жаткан кишинин үнү да залга угулуп турду. Ал кишини мен урматтайм, ошон үчүн атын атагым келбей турат. Акүйдөн БШКга кандай кысым болгону ачык эле көрүнүп турду.
К. О: - Азыр эле мыйзам бузуулар боюнча айттыңыз. Деги эле бул жолку шайлоо эмнеси менен айырмаланды - добуштарды сатып алуу добуш берүүгө чейин көп болдубу же шайлоо бүткөндөн кийин добуштар жасалгандыбы?
Т. Ү: -Ачык айтканда, кечээ Төлөйкан Асаналиевна менен Азиза Абдырасулова кафеде берилип аткан тамакты видеокамерага тартып алышыптыр. Мыйзам бузулуулар абдан көп болду. Шайлоо абдан ыплас өттү. Жарандык коом, NDIдын өкүлдөрү отурбаса, бул шайлоо мыкты делип, баары билинбей кетмек. Экинчиден, мен ойлойм, ар бир күчкө карама-каршы күч болот. Элди кысымга алып, күчтөп, бир талапкерди алып чыкканга элдин өзү каршы чыкты.
К. О: -Бул жерде сиз калыстык сөзүңүздү айтсаңыз. Эл шайлоодо кимдин жеңип чыгышын каалады?
Т. Ү: -Акыйкатты айтсак, Берметти куугунтукка албай, кысымдыкка салбай, шайлоодон четтетпей, жөн эле койгондо, экинчи турга Арсалиев менен Бермет Акаева чыгат болчу.
К. О: -Кеңешбек мырза, Борбордук шайлоо комиссиясынын кабыл алган ушул чечими бир чети эрдикке тете иштей көрүнүп атат. Экинчиден, БШК милтетин так аткарды. Анткени соңкү учурларда Кыргызстан шайлоону башынан көп өткөрдү. Шайлоо деген деги эле адамдардын өз укуктарынын көз көрүнө тебеленишинин жаркын бир үлгүсү катары эсептелип калды. Борбордук шайлоо комиссиясы бул жерде өзүнүн эркин көрсөтүп, ушундай чечим кабыл алып аткандыгы Кыргызстандын тарыхында, акыркы 15 жылда биринчи жолу болуп атат окшойт. Сиз кандай ойлойсуз, мындан ары кандай болот? Ак үй тарабынан БШКга кандай кысымдар болушу мүмкүн?
К. Д: -Тилекке каршы, биздин учурда биздин мамлекетте, биздин коомдо бир нерсе болбойт деп айтыш кыйын болуп калды. Мыйзамды сыйлабагандык, баягы күнү эле айттым, мыйзамды көп саясатчыларыбыз бут аарчыган чүпүрөккө теңеп салышты. Ошонун негизинде ушундай болуп атат. Борбордук шайлоо комиссиясынын бул жасаган иши эрдикпи, эрдик эмеспи дегенде, мен минтип ойлоп атам, биринчиден, мамлекеттин жетекчиси Курманбек Бакиевге, өкмөттүн жетекчиси Атамбаевге, спикер Марат Султановго кайрылдык, алар бул ишти көзөмөлгө алса. Журналисттер көзөмөл кылып, укук коргоо органдары тарабынан атайын текшерүү уюштурулуп, бардык тараптын текшерүүлөрү жыйынтыкталып, коомчулук билсе, ошондо калыс чечим чыгат, деп айтсак болот го. Ошондуктан мен ойлоп атам, бул жерде борбордук шайлоо комиссиясы албетте эрдикке тете иш кылды.
К. О: -Бир чети БШК өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарды го деп ойлойм.
Т. Ү: -БШК мыйзамды коргоп, өзүнүн профессионалдуулугун, эл алдындагы жоопкерчилигин көрсөтүп, мыйзамдын негизинде иштеди. Кечээ Кыргызстанда тарыхтын жаңы барагы ачылды деп ойлойм. Тарыхта мыйзамды урматтоо, мыйзамдын акыйкаттыгына ишене турган күн болду десек жаңылбайм.
К. О: -Кеңешбек мырза, сиз юристсиз. Мурда ички иштер министри болгонсуз. 28-апрелден 29уна караган түнү Бермет Акаеваны 7-8 саат суракка алышпадыбы. «массалык баш аламандык уюштурду» дегендей күнөөгө шектеп. 19-апрелде Бишкекте болгон митингге да Кылмыш-жаза кодексинин «массалык башаламандык» деген беренесин коюп атышат. Ушул акыркы окуяларды массалык баш аламандык деп бааласа болобу?
К. Д: - Эл мыйзам чегиндечыкса, башка адамдардын укугу бузулбаса, жолдор тосулбаса, имараттар басылып алынбаса, бул башаламандык эмес. Эгерде округдук шайлоо комиссиясынын чыгарган чечими болобу, башка бийлик органдары чыгарган чечим болобу, кээ бир адамдарга жакпай, алар өздөрүнүн жактоочуларынын күч менен жол тосуп, имараттарды басып алса, албетте, бул туура эмес.
Берметти соттон алып тыштаганда мен өзүм Чоңкеминде эл менен жолугуп жүргөм. Кайра келатсам, жол тосулуп, Көлдөн келаткан, бул жактан бараткан адамдардын укуктары бузулуп, машиналар токтоп туруптур. Мен ошол жерден «мындай кылган болбойт, азыр региондун ортосунда болобу, элдердин ортосунда болобу кагылышуу-согушуу чыгып кетиши мүмкүн, ошондуктан биз өзүбүздүн укугубузду коргогубуз келсе, бирөөнүн эсебинен, бирөөнүн укугун бузуп, коргобошубуз керек дедим, акырында өзүбүздүн максатыбызга жеттик.
К. О: - Эгерде адам укуктары чексиз тебеленип атса, мисалы, бийлик органдарына, сотко ишеним такыр жок болсо, адамдар эмне кылышы керек?
К.Д: - Биринчи кезекте мамлекет жетекчилерине көп нерсе көз каранды. Эгерде мамлекеттин жетекчилери болобу, бийлик органдары болобу, эгерде өздөрү ошого жол берип атса, албетте бул эч кимге жакпай турган иш.
К. О: - Нармед мырза, моралдык жагынан алганда мурдагы президент Аскар Акаевге көп кинелер тагылып келатат. Ал кишинин учурунда Кыргызстан өтө артка кетти, 2 млрд. доллар тышкы карыз алды, дешет. Анан ушундай жагдайда Бермет Акаеванын келип, кайрадан депутат болушу ыймандык жактан алганда туура эмес, деген пикирлер бар. Сиз өзүңүз кандай көз караштасыз ушул боюнча?
Н. А: - Биринчиден, мурунку экс-президенттин үй-бүлөсү дагы бир жолу бул жерде күчтүүбүз деп, ошол күчүн көрсөтүштү окшойт. Ошону далилдегени келди окшойт. Экинчиден, амбиция абдан бийик. (Бермет) атайын келди окшойт, дагы бир жолу ызы-чуу салалы деп.
Т. Ү: -Эрик Арсалиевден башка бул үй-бүлөнүн тагдырынын кандай экенин эч ким жакшы билбейт. Себеби Эрик Арсалиев ушул кезге чейин Айдар (Акаев) менен бизнеси бар. Мурдагы президент Акаев Эрик Арсалиевди өз балам деп, тарбиялап, эң жакшы жерге, «Манас» аэропортунун директору кылып, ээрчитип жүргөн.
Кеткен падышанын баласы болобу, же азыркы падышанын баласы болобу, же келечекте келе турган падышанын баласы болобу - алар Кыргызстандын жараны. Алар Кыргыз мыйзамдарынын негизинде өз добушун бергенге укугу бар, өзүн шайлоого чыгарууга укугу бар. Бийлик кимдин баласы болбосун, анысына карабай, баардык адамдарга өз укуктарын сактап бергенге милдеттүү.
Н. А: -Сиз Эрик Арсалиевди Акаев өз баласындай көрдү деп атасыңар, ал туура эмес. Баласындай көрсө, ошол эле аэропортто президент болуп кала берет болчу. Аны түшүрүп, башка жерге жиберип койду. Ал деген мээси иштеген бала. Тээ Москвадан жогорку билим алып келген, ошол үчүн кызматка койгон.
Т. Ү: - Андай болсо эмне үчүн Эрик Арсалиев Айдарды депутаттыкка калтыргыла деп, 2000ден ашык колду элден чогулткан? Аны парламентке өткөзүп берген?
Н. А: - Эрик Арсалиевдин бизнеси Акаевдин балдары менен чогуу эмес.
К. О: - Көпчүлүккө Арсалиевдин соңку кадамдары түшүнүксүз сезилип атыптыр. Бул кандайдыр бир четтен, күчтүү адамдар тарабынан ушундай кадамдарга барасың деген кысым болуп атат деген сөздөр бар.
Н. А: -Андай болбойт, андай жок. Ал өз эрки менен депутаттыкка чуркап жүрөт.
Т. Ү: - Мен Берметтин соту боюнча айткым келет, декабрдагы Конституцияда чындыгында эле жанагындай норма жок. Бирок Шайлоо кодексинде ал сакталып калыптыр. Конституция кодекстен өйдө турат. Сот муну түшүнүш керек эле. Берметтин бул жерде жашабаганы же жашаганы жөнүндө далил жок, бирок паспортунда каттоосу бул жерде.
К. О: - Кеңешбек мырза, Кемин шайлоо округундагы депутаттык мандаттын тагдыры кандай чечилиш керек?
К. Д: - Бул жерде кандай аяктабасын, бардыгы мыйзамдын чегинде аякташ керек. Тергөө иштери болобу, текшерүү иштери болобу, баары изилденип, бардык тараптан салмакталып, анан чечим чыгарыш керек. Азыр бул шайлоону болгон эмес деп чечим чыгарганда, биз кайра катышканга укугубуз жок болуп калат. Болуп аткан башаламандыкка, укуктук алешембиктерге талапкерлер – биз күнөөлүү эмеспиз да. Ошондуктан, биз сотко кайрылабыз. Бардык учурлар боюнча сот салмактап туруп, материалдык, моралдык, психологиялык зыян тарттык, ошонун баарын бизге калыбына келтирип, төлөп берсин. Экинчиден, биз Конституциялык сотко барганга да укугубуз бар. Биздин укугубузду да калыбына келтирип, биз да мыйзамдуу негизде Кеминдеги шайлоого кайра катышканга укук алышыбыз керек.
К. О: - Токтайым айым, сиздер төрт участоктогу мыйзам бузуулар боюнча прокуратурага кайрылабыз деген ниетту турасыздар. Ушуну эмне себептен жасап жатасыздар?
Т. Ү: -Биз Төлөйкан Асаналиевна, Азиза Абдрасулова болуп, окружкомду мыйзамды бузуп, саботаж кылганы үчүн укук коргоо органдарына баа берүүнү суранып, кат жолдоп атабыз.
К. О: - Бул кийин башкаларга сабак болсун деген ниетиңер барбы?
Т. Ү: - Мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылышы керек. Алар жоопко тартылса анда Кыргызстанда таза шайлоого жол ачылат. Бийлик ушул нерсеге туура баа бериш керек. Кыргызстанга тынчтык керек болсо, бийлик 19-апрель болобу, Кемин округундагы окуялар болобу же 17-июнь 2005-жылдагы окуя болобу, жалпы бир саясий кечиримдүүлүк кылып туруп, элди биримдикке чакырып, репрессияларды токтотуш керек.