Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

ОРУС-ЭСТОН «ЭСТЕЛИК ЖАҢЖАЛЫ» ЫПЛАС СОГУШКА АЙЛАНЫП БАРАТАТ


Төрөкул Дооров, Москва Эстониянын баш калаасында советтик жоокердин эстелигин жана анын жанындагы мүрзөлөрдү башка жерге жылдыруу менен байланышкан эстон-орус жаңжалы дипломатиялык чоң согушка айланып кеткендей болду. Бир нече күн Эстониянын Москвадагы элчилигинин алдында Кремлди колдогон жаштардын тобу митинг өткөрдү. Бейшемби күнү акция токтолутуп, эстон элчилиги кайра ишин улантты. Элчи өзү эки апталык эс алууга чыгып, Таллинге кеткени айтылууда.

«Эстонияда советтик жоокердин эстелигин аскерий мүрзөгө жылдырганда башталган эки күндүк тополоң-тоз демонстрацияга, эстониялык дипломаттарды Москвада коркутуп-үркүтүп, эстон элчилигинин имаратынын алдында митинг өткөрүүгө Кремль түздөн-түз тийиштиги болбосо да, бүт иш анын батасы менен аткарылган», - деп ишенет Эстониянын Москвадагы элчиси Марина Калжуранд. Орус бийликтери ал былык иштерге тиешеси болбосо да, тополоңду токтотууга аракет кылышкан жок.

Таллинде ал советтик жоокердин эстелигин башка жерге жылдырууга байланышкан кырдаалды жакшыраак түшүнүп келиш үчүн орус депутаттарынан турган делегациясы 30-апрелде Эстонияда болушту. Делегацияны мурда Орусиянын Коопсуздук Кызматын (ФСБны) жетектеп келген Николай Ковалев баштаган. Ковалев «эстон өкмөтү отставкага кетиши керек» деп билдирүү таратканда, көпчүлүк эстониялыктар муну өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары кабыл алышты.

Акыркы беш күндүн ичинде эстон өкмөтүнүн интернет-сайттарына, тагыраак айтканда, президенттин, парламенттин, министрлердин, анын ичинде Тышкы иштер жана Коргоо министрликтеринин интернет-баракчаларына хакерлер тынымсыз чабуул жасап жатышты. Таллиндеги советтик жоокердин эстелигин жылдыруу идеясын көтөргөн деп эсептелген эстон өкмөтүнүн башчысы Андрус Ансиптин сайты да аман калган жок.

30-апрелде Эстониянын Юстиция министри Рейн Ленг: «Хакерлердин IP адрестери көрсөткөндөй, чабуул Москванын мамлекеттик институттарынан жасалган», - деп айтты. «Бул өңдүү былык иштердин максаты – республиканын маалымат инфраструктурасын иштен чыгаруу болчу», - деген министр, мунун баары Москвада айрымдар такыр эле эсин жоготуп койгондугун көрсөтөт деп ишенет.

Москвадагы митингди Кремлди колдогон жаштардын «Наши» деп аталган уюму өткөрдү. Мына ушул уюмдун активисти Константин Голосков 2-майда «Росбалт» маалымат агенттигине билдиргендей, ал өзү да эстониялык интернет-сайттарга чабуул жасоого катышкан. Бирок, чабуулду ал Москвадан эмес, Молдовадагы Приднестровьядан жасаганын айтат.

Чынында интернетте бир эле эстониялык сайттар эмес, орус бийликтерин сындап келген «Коммерсант» гезитинин жана «Эхо Москвы» радио-станциясынын баракчалары да хакерлердин чабуулдарына дуушар болушту.

Дегинкиси, «Наши» деп аталган уюм көзөмөлсүз жаштардын радикалдуу топторунан эмес. Бул – Кремль тарабынан саясий да, каржылык да колдоо алып турган уюм. Орусияда азыр жалгыз ушул жаштардын тобу эмес, бир топ бийлик төбөлдөрү Эстония менен дипломатиялык, анан соода алакаларын токтотууга чакырып жатышат.

«Азаттыктын» аналитиги Виктор Ясманндын божомолунда, расмий Москва мындан ары Эстонияга каршы аракеттерин бир аз болсо да жумшартышы мүмкүн, анткени ал Москва менен жалпы Батыш дүйнөсүнүн ортосундагы мамилелерге терс таасирин тийгизет. Эстонияны АКШ, НАТО, Евробиримдик колдоп чыкты. Анын аралыгында, Орусия ээлеген позицияны Кытай, Казакстан жана Беларус колдой тургандыктарын расмий билдиришкен.

«Эстелик жаңжалы» Орусия менен Евробиримдиктин мамилелерин бир топ эле суутуп койгону айтылып жатат. Биздин аналитиктин айтымында, азыр Таллин менен Москва ортосунда болуп жаткан нааразылыктын айынан Эстонияда жашаган орус улутундагы калк гана жапа тартат. Бул ойго Орусиядагы оппозициялык «Яблоко» партиясынын лидерлеринин бири Сергей Митрохин да макул экенин билдирди.

- Албетте, советтик жоокердин эстелигин жылдыруу аракетин айыпташ керек, болгондо да катуу айыпташ керек. Бирок муну менен Орусия кийин өзүнө залал келтирип албагыдай чара көрсө максатка ылайыктуураак болмок. Азыр Кремль бул маселеде ээлеген позициясынан улам, өлкө эларалык аренада өзүнүн абройуна өзү эле сокку уруп алгандай көрүнүп жатат. Көзүнө эч нерсе көрүнбөгөн жаалданган жаштардын тобу эстон элчилигинин маңдайына чыгып, жиндилик кылса, эстон депутаттарынын чечимине түздөн-түз жоопкердикти албаган эстон дипломаттарынын үй-бүлө мүчөлөрү Орусиядан тезирээк чыгып кетүүгө аргасыз болсо, митинкке чыккандар эларалык да, дипломатиялык да этикетти бузуп жатышса, дүйнөдө Орусиянын пикирин угуп, аны колдогондордун саны азаят. Көпчүлүк тарабынан жактырыла турган акылдуураак жолду тандап алгандын оордуна, Орусия «дипломатиялык зөөкүрдүккө» өтүп кетти, - деп эсептейт «Яблоко» партиясынын лидери Сергей Митрохин.

XS
SM
MD
LG