Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:33

КЫЯЗ МОЛДОКАСЫМОВ: УЛУТТУК РАДИО ЖАҢЫЧА ИШТӨӨГӨ ДАЯР


Бүгүн 7-май радио күнү. Ушул майрамдык күнгө байланыштуу МТРКнын баш деректири Кыяз Молдокасымов «Азаттык» менен маек курду.

- Алгач сизди жана бардык кыргызстандык кесиптештерибизди 7-май радио күнү менен куттуктап кетсем.

- Ырахмат. Мен дагы кесиптештердин бардыгын бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктайм.

- Бул майрамды Кыргыз Улуттук радиосу кандай тосуп жатат?

- Бүгүнкү күндөгү 7-май радио күнүнө карата мурунку салт боюнча куттуктайбыз. Бирок биздин мамлекеттеги негизги радио жана телемайрамы деп 8-декабрды календарга киргизишкен. Ошондуктан биз көбүнчө 8-декабрды Кыргыз телерадиосунун майрамдык күнү катары белгилеп келе жатабыз.

- Улуттук радио бул майрамды башкача статуста тосуп атат. 26-мартта президент Курманбек Бакиев мамлекеттик телерадио корпорацияны улуттук телерадио корпорацияга айлантуу тууралу жарлыкка кол койду. Анын негизинде мамлекеттик телерадио коомдукка айланып, аны аткаруучу органына генералдык директор, ал эми башкаруучу органы болуп 15 адамдан турган Байкоочулар кеңеши болмок. Байкоочулар кеңеши жарлык чыккандан соң бир ай ичинде түзүлмөк эле, башкаруу органы түзүлүп бүттүбү?

- Азыр Жогорку Кеңеш өзүнчө конкурс жарыялады. Байкоочулар кеңешине адистик жакты өздөштүргөн, өзүнүн кесиби боюнча 5 жыл эмгектенген, өзүнүн ой-пикирин ачык-так билдирген адамдар 4-майга чейин президент тарабынан 10 киши, парламент тарабынан 10 киши, жарандык коом тарабынан 10 киши сунушталат. Комитет аны иргейт дагы сессияга алып чыгат. Буюрса 14-майда документтерди кабыл алуу боюнча акыркы күн.

- Ушул жаңы түзүлгөндөн кийин Байкоочулар кеңеши генералдык директордун оперативдүү ишине тоскоол болбойбу. Байкоочулар кеңеши менен генералдык директор кандай иштеши күтүлүүдө?

- Эгерде бүгүнкү күнгө чейин телевидение, радио тармагында жүрүп келе жаткан реформаны техникалык жаңыланууларды түшүнгөн, радио, теле тармагын мыкты билген байкоочу кеңеши түзүлсө, бул сөзсүз түрдө мамлекеттик телерадио корпорациясында буга чейин жүрүп жаткан реформанын андан аркы жылышына өздөрүнүн салымын, жардамын берет. Анткени биз буга чейин көптөгөн коомдук, кесиптик уюмдар менен кантип биз мамлекеттик телерадио компанияны жаңы баскычта реформалайбыз деген маселенин үстүндө иштеп келе жатканбыз. Жаңы корпоративдик башкарууларды киргизип, даярдап, структуралык өзгөрүүлөргө кадам жасаганбыз. Буюрса Байкоочулар кеңешине кесипти мыкты билген өкүлдөр келсе сөзсүз түрдө колдойт деген ишеничте турабыз.

- Коомдук телеканал болуп түзүлгөнү менен телерадио корпорация мамлекеттин эсебинен каржылана бермекчи. Ушуну эске алганда телерадио корпорация окуяларды бийликке тартпай, бейтарап чагылдыра баштайт деген кепилдик барбы?

- Бул кепилдик буга чейин деле болгон. Анткени бүгүнкү күндө көптөгөн бийликтин өкүлдөрү теледен дагы, радиодон дагы көптөгөн сындарды уга баштады. Бул тарабынан биз көндүрүп койдук. Айрым учурда мамлекеттик болуп туруп эмне себептен сындайт деген күнөөнү көбүрөөк койчубуз. Тескерисинче мурдагы Акаевдин мезгилиндегидей бир тараптуу каралоо, же бир тараптуу көбүртүп-жабыртып мактоодон дегенден биз эчак арылганбыз. Ошондуктан коомдук телевидение курганга чейин эле президент келечекте коомдук телевидение курууга, өтүүгө даярдангыла деп келген. Ошол багытта биз бир топ иштерди аткарып койдук. Буюрса бүгүнкү күндө жамаат дагы, жалпы маанай дагы, техникалык жаңылануулар дагы жаныча иштөөгө даярдатып койду. Бүгүнкү күндө биздин журналисттер жаңыча иштөөгө даяр, бирок кесиптик деңгээли жагынан бир аз аксап атат.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG