Маркум Бектемир Акуновдун бир тууганы Калыбек Акунов экспертиза жыйынтыгынын кечендеп жаткандыгын бийликтин да, оппозициянын да саясый оюну экендигин айтат:
- 16-апрель күнү экспертиза болгон. Ошондон бери бир ай болуп калды. Ушуга чейин улам жылдырып, улам артка тартып жыйынтыгын айтпай келатышат. Муну бийлик тарабынан дагы, оппозиция тарабынан дагы саясий оюнга айландырып баратышат.
Пикете турган Созулкан Абдракманова акыры чындык керек деп эсептейт:
- Мен Ош шаарынан келдим. Бектемир Акунов менен чогуу болгонбуз ачкачылык акциясында. Бул кишинин өлүмү биз үчүн өтө чоң трагедия. Бийликтегилер чекесинен барыбызды өлтүрүп коюп эле, өзүлөрү жыргап май-талканда жүргүсү келип атат. Биз өлүмдөн коркпойбуз, бирок чындык керек.
Ал эми акциянын дагы бир катышуучусу Чыңгыз Чыналиев бийлик кысымы алдында өлүмдүн тыянагы туура чыгаарынан шексинет:
- Мен Талас облусунан келгем. Бийлик жагынан буларга кысым болуп атат деп ойлойм. Ошондон коркуп жыйынтыгын туура эмес чыгарышы мүмкүн, - дейт Чыңгыз Чыналиев.
Түш маалда Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акуновдун талабы менен экспертиза бюронун жетекчиси Кубат Шадыбеков нааразылык акцияга келгендер менен жолугушту. Кубат Шадыбеков экспертиза тыянагына жогору жактан эч кандай кысым болбогондугун билдирди:
- Бир айдын ичинде бүтүрүп беребиз. Биз созгон жокпуз, бизде жумуш көп, Кыргызстан боюнча келип атышат, жалгыз силер эмессиңер. Кысым болсо кысым болуп атат деп эле айтам, мен эмнеден коркмок элем. Андай болгон жок.
Кубат Шадыбеков Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча толук жыйынтык 11-майда чыгарылаарын билдирди.