Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

ШКУнун БИШКЕКТЕ ӨТҮҮЧҮ САММИТИ АКШ АБА БАЗАСЫНАН КЕП КЫЛАБЫ?

Бир катар саясатчылар Шанхай кызматташтык уюмунун 16-августта Бишкекте өтүүчү саммитинен, кысталыш абалда турган Кыргызстан кыйла пайда өндүрүп алса болот дешет. Оболу экономикалык маселелерин чечип алуусу үчүн Кыргызстандын олуттуу сунуштар менен чыгышы керектиги айтылат. Бирок, ошентсе да уюмдун лидер өлкөлөрү өз кезегинде Кыргызстанды ыңгайсыз абалга сала турган сунуштарды киргизиши мүмкүн. Бул эң оболу Кыргызстандын аймагында жайгашкан АКШнын аскердик аба базасын чыгарып кетүүсү тууралуу маселе.

Адистердин божомолу боюнча ШКУ саммити учурунда жогорудагыдай маселени акыркы кездерде АКШны бир уюлдуу дүйнө курууга аракет кылып жаткандыгы, Орусияны аскердик базалары менен курчап салгандыгы үчүн айыптап келаткан президент Владимир Путин көтөрүшү ыктымал. В.Путиндин Мюнхендеги сөзүнөн кийин, саясат талдоочулар кайрадан жарыша куралдануу, кайрадан кансыз согуш башталгандыгын айтып келишет. Ошол себептүү АКШнын негизги атаандаштары болгон Орусия менен Кытай бул саммитте Кыргызстанга толук таасир этиши да ыктымал.

Ал эми ага чейин Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу комитети 25-майда бул базанын мындан аркы тагдырын талкууга алмакчы болду. Комитет төрагасы Рашид Тагаевдин айтымында, дипломатиялык статуска эгедер АКШ аскерлери акыркы кездерде мыйзамсыз иштерге барышып, бирок, эч кандай жооп бербей келишет.

Негизинен, адистердин ырасташынча ШКУ саммитин пайдаланып, Кыргызстан өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла арттырып алса болот. Жаш экономист Талант Кемеловдун айтымында, Кыргызстан өзүнө ыңгайлуу шарттарда кыйла прогрессивдүү экономикалык долбоорлорду саммитке алып чыкса болот:

- ШКУга дүйнөнүн эң бай мамлекеттеринин бири болгон Кытай, Орусия жана азыркы тапта жакшы эле байып калган Казакстан кирип аткандан кийин биз анча-мынча экономикалык маселелерибизди чечип алсак болот. Мисалы, Орусия негизги кредиторлорубуз болуп эсептелет. Алар менен бизге ыңгайлуу шарттарда ХИПКтен чыгуунун альтернативдүү жолдорун сүйлөшүп, андан таптакыр кечирип салуу жолдорун сүйлөшсөк болот. Инвестициялык долбоорлорду да сунуш кылсак болот.

Ошондой эле анын пикиринде, уюмдун лидер өлкөлөрү жабык эшик артында Кыргызстан үчүн бир аз ыңгайсыз болгон талаптарды коюшу да мүмкүн. Ал негизинен Кыргызстандагы АКШнын аскердик базасына байланыштуу маселе:

- Мындан мурунку саммитке катышып келгенден кийин президент Курманбек Бакиев ушул маселени көтөргөн. АКШ базасы үчүн төлөмдөрүн 2 миллиондон 200 миллионго чыгарабыз, 100 эсеге чыгат дешкен. Биз жабык эшик аркасында ошондой сөз болгон окшойт деп ойлойбуз. Бул маселе алдыбызда турган саммитте да көтөрүлүшү мүмкүн. Азыр Орусия менен АКШнын мамилеси аябай төмөн деңгээлге жетти. Мюнхен жыйынан кийин АКШга каршы В.Путин кандай сөздөрдү айтып келатканын билесиздер.

Расмий бийлик өкүлдөрү Кыргызстан бир тараптуу саясат жүргүзбөсүн айтып келишет. Тышкы иштер министринин кеңешчиси Асанбек Осмоналиевдин айтымында, негизинен саммит учурунда АКШ аба базасы тууралуу сөз болору пландалган жок. Бирок, Кыргызстан мындан ары да көп багыттуу саясатын жүргүзө берет:

- Бизге окшогон чакан, кичине мамлекеттер үчүн бир тараптуу кыймылдаганга өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз жок. Саясий да экономикалык да дараметибиз ага жетпейт. Ошондуктан албетте көп тараптуу саясат мындан ары да уланат.

“Kyrgyz Concept” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев, ШКУ саммитинде бийлик чоң өлкөлөрдүн тирешүүлөрүнөн четте болуп, өзүнө пайдалуу экономикалык иш-чаралар менен көбүрөөк алек болушу керек деген ойдо. Анын айтымында, Кыргызстан бир тараптуу саясаттан качып, дүйнөлүк өнүгүү процесстеринен артта калбай көп багыттуу, либералдык экономикалык шарттарга негизделген өлкө болууга аркет кылуусу керек.

Тышкы иштер министрлигинен ырасташкандай, учурда ШКУ саммитинде күн тартибине коюлчу маселелер тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Саммитке бир ай калганда уюмга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлери жолугушуп, күн тартибин, көтөрүлчү маселелерди акылдашышат.
XS
SM
MD
LG