Министр Ногойбаев 11-майда “First business” журналы жана “Жибек жолу” берүүсүнүн жетекчиси Сейфуллах Түрксой менен жолугушту. Жолугушуу учурунда террорчулук, экстремизм, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө кызматташуу тууралуу макулдашылды. Сейфуллах Түрксой Кыргызстанда коомдук тартипти сактоо үчүн ИИМдин министри жүргүзгөн бардык иш-чараларды колдой тургандыгын билдирди. “Кыргыз милициясы демократияны, жарандардын, инвесторлордун кызыкчылыгын коргоп, маданияттуу жана профессионалдуу иштей ала тургандыгын далилдеди” деп кошумчалады Сейфуллах Түрксой. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. (ZMa)