ИЗМИР. Түркиянын Измир шаарында базарда болгон жардыруудан 15 киши жаракат алды. Алардын көпчүлүгү базарда иштеген сооагерлер. Эки кишинин абалы өтө оор. Түрк полициясынын айтымында, жырдыруу колго жасалган бомбадан болгон. Эртең Измирде өкмөткө каршы митинг өткөрүлгөнү жатат. Шаардын акими жардыруунун эртеңки иш-чарага байланышы бар экенин төгүнгө чыгарды.