Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

УКРАИНА – КЫРГЫЗСТАН ЭКОНОМИКАЛЫК МАМИЛЕСИ ДУРУС, БИРОК…


Кийинки жылдары Кыргызстан менен Украинанын соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий байланыштары аз-аздан жанданууда. Ортодогу мамиленин кыйлага салкын-суз тартышына Украинанын Кыргызстандан алынчу электрлампаларына чоң төлөмдөрдү коюп салышы, 1992-1993-жылдары жыйналган карызды кайтарууну каалабастыгы себеп болгон. Украина ушу тапта Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирүү аракетин көрүүдө. Ага соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн Кыргызстандан башкасынын баары макулдугун берген.

Эки өлкөнүн өкмөттөр ортосундагы биргелешкен комиссиясы мындан 4 жыл илгери, 2003-жылдын 27-28-мартында биринчи отурумун өткөргөн. Кыргызстан менен Украинанын мамиле-катышына салакасын тийгизген жагдай катары ошондо эле 1992-1993-жылкы соода-экономикалык байланыштардын ажырымынан чыккан каржылык маселелерди жөнгө салуу, карыздарды кайтаруу маселеси коюлган.

27 миллион ашуун доллар карызды Украина азыр деле моюнга ала элек, анын ордуна гуманитардык жардам, техникалык көмөк катары Кыргызстанга керектүү электржабдууларын берүүгө даяр экенин билдирүүдө.

Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирүүгө куштар Украинага жалгыз Кыргызстандын макулдугун бербей отурушунун олуттуу дегидей экономикалык себеп-жөнү ушундай. Кыргызстандын Каржы министри Акылбек Жапаров бул маселе сөзсүз чечилиши керек, деген пикирде.

- Муну чечпесек болбойт. Анткени, Украина тарап: «Биз өлкө катары карыз эмеспиз, кайсы чарбалык субъект карыз болсо ошону таап алгыла», деп жатат. Биз андайга каршы экенибизди билдирип жатабыз. Ошондой эле азыр украин кесиптештерибиз Дүйнөлүк соода уюмуна кире албай жатышканын, ал карыздын кесепетинен деле болушу мүмкүн экенин айтып кетишти. Биз карыз өзүнчө, ДСУга кирүүнүн жөрөлгөсү өзүнчө болорун айтып жатабыз. Экөөнү аралаштырбай, карызды чече берели дедик. ДСУга мүчөлүктү өзүнчө чечелик деп атабыз. Биздин лампалар Украинага кириш керек. Демпинг пошлиналары Дүйнөлүк соода уюмуна кирем дегенден кийин болбош керек.

Акылбек Жапаровдун айтуусунда, Кыргызстан карыз акчанын ордуна Украинадан электржабдууларын алышка деле макул. Украиналык тарап үч жылдын ичинде 27 миллион ашуун доллар карыздын ордуна гуманитардык, техникалык жардам көрсөтүү маселесин талкуулап, аны эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы меморандум аркылуу бекемдөө шартын коюуда. Украинанын Каржы министринин биринчи орунбасары Вадим Копыловдун ырасташынча, бу талаштуу маселелер бир караганга жөнөкөй болгону менен кыйла эле татаал жумуш.

- Демпинг төлөмдөрү боюнча биз кыргыз өнөктөштөрүбүздөн кошумча материалдарды сурадык. Менин оюмча, бул маселени жакын арада чечебиз. Ал эми 1992-1993-жылкы карыз делген маселе тууралуу болсо мен бул боюнча адистер иштесе деп ойлойм. Аны талкуулоону бул жерге алып чыгуунун кажети жок. Себеп дегенде, ал айтылып келаткандай, түшүндүрүлгөндөй жөнөкөй нерсе эмес. Жумушчу топтун отурумунда бул маселени жөндөөнүн жолун табабыз деген үмүтүбүз бар.

Анткен менен Украина, Кыргызстандын соода-экономикалык алака-катышы өткөн жылы 18% ашуун көбөйгөн. Антишке эки өлкөнүн дурус дегидей экономикалык өнүгүшү негиз берүүдө. Быйылкы саясий ары-сүр, бери-сүргө карабастан, 4 айдын ичинде Украинанын ички дүң продуктунун көлөмү 12% жакын көбөйүп, ал эми инфляциянын деңгээли 1,3% жогору көтөрүлгөн жок. Бийлик менен оппозициянын жазгы тирешин башынан кечирген Кыргызстандын экономикалык өсүшү да жаз алды 9% көрсөткүчкө чыгып, инфляция деңгээли 2% түздү.

XS
SM
MD
LG