Борбордук шайлоо комиссиясынын 1-майдагы чечими менен №57 Кемин шайлоо аймагындагы 29-апрелде болгон шайлоо жокко чыгарылган. Буга байланыштуу шайлоодо көп добушка ээ болгон талапкерлер Эрик Арсалиев менен Сеит Чалбаев Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотуна кайрылышкан. Эрик Арсалиевдин талабы боюнча 1-май күнү БШК тарабынан чыгарылган чечим жана ага кошумча эки шайлоо участкасынын жыйынтыгы жокко чыгарылууга тийиш эле. Ал эми Сеит Чалбаев бардык шайлоо участокторунун жыйынтыгын кайра карап чыгууну талап кылган.
29-апрелдеги шайлоонун жүрүшүнө жана сот жараянына көз карандысыз байкоочу катары катышкан укук коргоочулар Биринчи май райондук сотунун чечимин адилетсиз деп баалашууда. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева сот калыс караган жок деген сөзүн билдирип, буларга токтолду:
-Мыйзамга жана шайлоо кодексине таянган сот болгондо мындай чечим кабыл алынмак эмес. Төрт участоктун добуштары кайра саналып, мыйзам бузуулар болгондугу аныкталган учурду бүт дүйнө жүзү байкоо салып, карап турду. Ошол күнү Арсалиев менен Чалбаевдердин өкүлдөрү “БШКнын чечимине эч кандай дообуз жок” деп кол коюп беришкен.
Токтайым Үмөталиеванын айтуусунда Биринчи май райондук сотунун чечими өлкөнүн демократиялык аброюна доо келтирет:
-Бир Арсалиевдин кызыкчылыгын коргойм деп, сот жана бийлик Кыргызстандын демократиялык аброюн дүйнө элинин алдында жерге чапты.
Сот адилетсиз өттү деген пикирин “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун өкүлү, шайлоого жана сот жараянына байкоо салган Жанузак Абдурасулов да билдирди. Анын айтуусунда сотто негизинен доо арыз берген тарап, талапкер Эрик Арсалиевдин тарапкерлерине гана сөз берилген:
-Сот бир жактуу, мыйзам бузуулар менен өттү. Шайлоо мезгилинде түзүлгөн актылар каралган жок. Чакырылган күбөлөр да так фактыларды келтирип, сүйлөй алышкан жок. Ошого карабай ушундай чечим чыгарды,-дейт Жанузак Абдурасулов.
Борбордук шайлоо комиссиясы 1-майда Кеминде өткөргөн көчмө жыйынында талаш жараткан төрт участоктогу шайлоонун жыйынтыгын кайрадан карап чыгып, төрт участоктон талапкер Эрик Арсалиевге 1189 добуш жасалма кошулгандыгын жана “бардыгына каршы” деп берилген 675 добуш жок кылынгандыгын ачыкка чыгарган. Андан кийин БШК аталган аймактагы шайлоону жокко чыгарган чечим кабыл алган. Ал эми 8-майда башталып, 15-май күнү аяктаган сот талапкер Эрик Арсалиевдин доо арызы канааттандырылган чечимин чыгарды.
Мыйзам боюнча БШК сот чечимин жокко чыгарууну өтүнүп Жогорку Сотко кайрылууга укуктуу. Байкоочулар шайлоо комиссиясы ага баруусу мүмкүн эмес, шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлүүсү ыктымал деген божомолдорун айтышууда.
БШК болсо Биринчи май райондук сотунун чечимине байланыштуу бүгүн отурумга чогулуп, ушул сааттарда жыйын өткөрүүдө.