Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:18

РОССИЯ ЕВРОПАНЫ ӨРНӨК ТУТПАЙ КАЛДЫ


Россия артка кылчайып, Еврошаркет менен Россиянын ортосундагы кызматташтык жөнүндө 1994- жылы кол койулган келишимди Ельциндин кетирген "алсыздыгы" деп эсептейт. Россиянын бизнес жана саясий элитасы Еврошаркетти 90- жылдардагыдай негизги кредитор деп эсептебей калды. Европаны негизги энергия жабдуучусу болуп калган азыркы учурда Россия башкалардын өзү менен эсептешүүсүн каалайт.

Эгерде Россия менен Еврошаркеттин экономикасын азыр салыштырып көрсөк, Россиянын экономикасы бери дегенде 6 проценттик өсүш менен арымдап баратканына, ал эми Еврошракетеги өсүш 1,5 проценттин айланасында кала берип жатканына күбө болобуз. Андай болсо Еврошракет бизге эмне үчүн акыл үйрөтүшү керек экен дешет орус саясатчылары.

Россия менен Еврошаркет энергия саясатында эки башка көз карашты тутушат. Россия уюмдун мүчөлөрү Эстония жана Польша менен саясий жана экономикалык талашта турат. Ошон үчүн байкоочулар Самарада өтүп жаткан саммитте уюм менен Россия кандайдыр чоң келишимдерге кол койо албайт дешет.

Аналитиктердин айтымында, орус саясатчылары Европаны саясий жана экономикалык мисал деп эсептебей калышты. Россияннын көз кааршында, Европа адам жана азчылыктардын укуктарына жана мигаранттардын маселелерине ого эле чоң маани берип, өтө эле социалисттик болуп баратат. Ошол эле маалда Европа Россиянын фашизмди жеңүүдөгү ролун унутта калтырууда, дейт Россия.

Ушундай айырмачылыктарга карбастан Европа Россиянын негизги экономикалык шериги болуп кала берүүдө. Өлкөнүн тышкы соодасынын 52 проценти -Еврошаркеттин үлүшүнө туура келет. Россиянын экономикасына жасалып жаткан чет элдик инвестициялардын 70 проценти - Еврошаркетке таандык. Россиянын эл аралык валютада сактаган акча резервдеринин 40 проценти евро менен сакталат.

Бирок Россиянын тышкы саясатынын вектору келечекте Европадан башка жакка бурулушу толук мүмкүн. Россиянын вице-премьер- министри Сергей Иванов: "21-кылымда өнүгүү борбору Түштүк –Чыгыш Азия менен Тынч Океан чөлкөмүндө болот" деп айтып келатат.

Россия мунайга бай араб мамлекеттери менен, Кытай жана Азиянын башка мамлекеттери менен алакаларын өөрчүтүүдө. Бразилия, Кытай, Россия жана Индиянын ортосунда түзүлгөн бейформал коалиция, адистердин айтымында, келерки 20 чакты жылдын ичинде эң тез өнүккөн төртилтик болот.

Европа Росиянын көңүл чордонунда болбой калгандыгынын дагы бир себеби, Россия Европаны потенциалдуу коркунуч катары кабылдабай калганында. Анын АКШнын Польшада жана Чехияда жайгаштыра турган антиракеталык системасына жана НАТОнун кеңейүүсүнө жасаган каршылыгы сез көрсөтүү үчүн жасалууда. Анын аралыгында болсо Россия Түштүк- Чыгыш Азиядагы чыныгы жаңжалдарды жаратуучу региондорго көңүл буруп, ал жактагы ресурстардан куру калбоонун аракетин кылууда дешет аналитиктер.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG