Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

САМАРАДА ЕВРОБИРИМДИГИ МЕНЕН ОРУСИЯНЫН САММИТИ ӨТҮП АТАТ


Бүгүн Самарада Евробиримдиги менен Орусиянын саммити ырасмий бөлүгү башталды. Евробиримдиктин өкүлдөрү мүнөздөгөнгө караганда, жолугушуу Москва менен Брюсселдин алакасынын кыйын учурга дуушар болгон кезинде өтүп атат. Бейшембиде олтурумга катышуу үчүн келген коноктор: Германиянын канцлери Ангела Меркель, Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу менен Орусиянын президенти Владимир Путин жана өкүмөт башчы Михаил Фрадков формалдуу эмес түрдө жолугушуу өткөрүшкөн. Ал жерде Евробиримдикке төрайымдык кылып аткан Меркель Орусия менен кызматташуу боюнча Евробиримдик жаңы келишимдерди түзүүгө кызыкдар деген.

Евробиримдиктин саясий төбөлдөрүнүн бири Хавьер Солана алдыркы күнү журналисттерге: «Орусия менен кызматашуу жана өнөктөштүк боюнча жаңы келишимдер түзүү кебин Евробиримдиги баштоого азыр даяр эмес», - деген. Маскөө болсо анын каршысында Орусия менен Евробиримдик ортосунда алака мурунку бойдон экенин билдирген.

Бирок 17-майда Самарада иши башталган саммитте тараптар энергетика чөйрөсүндөгү экономикалык жана саясий маселелерди, виза маселесин ал тургай аба ырайынын бузулушун талкуулашмак экен. Дагы бир олуттуу маселе Кавказ, Косово, Иран, Чукулку Чыгыштагы жана мурдагы соцлагерге кирген мамлекеттердеги кагылыштар тегерегинде болмок эле дешет.

Ал арада бийликке оппозицияда турган «Башка Орусия» кыймылына көргөзгөн кысым бул жерде баарынан ашып түшкөнү көп кеп болууда. Самара калаасынын мэри уруксат берсе да бийлик «Макул эместер жүрүшүн» тыюуга катуу камынып киришкени дайын болду.

Эртең менен Самарага учуп аткан «Башка Орусия» лидерлерин Гарри Каспаров, Эдурад Лимонов жана «Адам укугу үчүн» кыймылдын жетекчиси Лев Пономарев менен жыйырмадан ашуун журналисттерди, арасында чет элдик басылмалар, маселен, Reuters , Wall Street Journal и The Daily Telegraph кабарчыларын милиция кармап, учакка олтургузбай койгон. Ал эми Самарадан «Азаттыктын» кабарчысы Олег Кусов билдиргенге караганда «макул эместер» жүрүшү өтчү Осипенко көчөсү миңдей милиция кызматкерлери алардан сырткары Ички иштер министрлигинин аскерлери менен тосулуп турат экен.

Агенттиктер таркаткан маалыматта президент Путиндин батыш менен алаканын дагы да жакшы болорунан үмүтү бар: «Биздин бүгүнкү жолугушуу - Орусия менен Евробиримдигинин ортосундагы стратегияык маселелерди талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк берет», - деген.

Германиянын канцлери ЕСке учурда төрайымдык кылып аткан Ангела Меркелдин ою да ушуга чукул чыккан:
«Бул жолугушууну биз энергия кубаты маселесин улантуу чөйрөдө пайдалангыбыз келет», - деген.
Анализчилер Меркел андан сырткары Путиндин бетине айтчу кеби орусиялык массалык маалымат каражаттарынын чектелип атышы жана бийликтин оппозицияга жасаган мамилеси болот дешет. Бирок андан жакшы жыйынтык чыгарынан күмөн санай тургандыктарын анализчилер айтышат.

ЕС кезегинде Маскөөнү көп сындап келгени менен Орусия батыштын базарынан орун ээлегенден тартып андай сынды тоотпос болуп калган дешет.

XS
SM
MD
LG