Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:13

АПРЕЛЬ МИТИНГИСИНИН КАТЫШУУЧУЛАРЫН КУУГУНТУКТОО УЛАНЫП ЖАТАБЫ?


Өлкөнүн укук коргоочулары апрель митингилерине катышы бар делген адамдар дагы деле болсо куугунтукталып, укуктары бузулуп жатканын айтып жатышат. Алардын ырасташынча, жер-жерлерде да күч органдары оппозициялык партиялардын мүчөлөрүн, апрель митингисине катышы бар делген адамдарды чакырып, байма-бай суракка алганын токтотпой келет. Бийлик өкүлдөрү куугунтуктоо жүрүп жаткандыгы тууралуу маалыматты төгүндөп, күч органдары мыйзамсыз иш-чараларды уюштургандарды гана иликтеп жатканын айтышууда.

Серепчилердин баамында апрель митингисинен кийин мизи кайта түшкөн оппозициялык күчтөрдү күзгө жеткирбей алсыратуу, аларга моралдык сокку уруп, кайратын сындырууну көздөгөн бийликтин мүдөөсү ийгиликтүү ишке ашып баратат. Айрым байкоочулардын пикиринде, борбордон тарта региондорго чейин оппозиция өкүлдөрүн милиция менен УКК кайра-кайра суракка алып жатканына карабай, оппозиция лидерлеринин бирдиктүү аракеттеринин байкалбаганы буга далил. Ошондой эле алар абал бул боюнча улана берсе оппозициянын күзгө пландап жаткан митингисине үркөрдөй гана адамдар келет дешет. Бирок, укук коргоочулар оппозициянын алсырашы менен алардын укуктары да одоно бузулуп жаткандыгын, бул жаатта бийлик демократиялык жолдон четтеп кеткендигин айтышат. Мындай пикирин укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди:

- Массалык баш аламандык деген 233-берене митингдин катышуучуларына туура эмес коюлуп калган. Негизинен бейбаштык деген берене боюнча эле каралыш керек эле. Бул берене иштеп калгандан кийин жер-жерлердеги күч органдары күчөп, митинг-акцияларга катышкандарды суракка алып атышат. Бул аракеттердин бардыгын адам укуктарынын бузулушу, куугунтук катары баалайм. Себеби, азыр адамдардын эркин оюн билдирүүсүнө карата өтө чектөөлөр коюлуп атат. Биз билгенден азыр Кант шаарчасында Ысыката районунун тургундары отурушат. Ушундай маалыматтар бир канча.

“Арнамыс” партиясынын тең төрагасы Эмил Алиевдин ырасташынча, азыркы доордун Акаевдин заманынан эч айырмасы болгон жок. Анын айтымында, бийлик куугунтугун дагы деле улантууда. Ошондой эле ал жума ичи куугунтукталып аткан адамдардын аттары тактала турганын билдирди. Ал эми президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев, куугунтуктоо жүрүп жатат деген сөздөр суу кечпеген нерсе экендигин айтып, күч органдары мыйзам чегинде аракеттенип жатышканын ырастады:

- Бийлик тараптан оппозиция өкүлдөрүн куугунтукка алып, мыйзамдан тыш жолдор менен жоопкерчиликке тартуу деген максат жок. Эгерде алардын аракеттеринде мыйзамдан тыш аракеттер жок болсо сотто аныкталат. Эми биз бир нерсени туура түшүнүшүбүз керек. Эгерде мыйзам бузулса, массалык баш аламандыкка жол берилсе, муну укук коргоо органдары өздөрүнүн түшүнүгү менен сурап атканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Алара да өздөрүнүн ишин мыйзам чегинде аткарып атышат.

XS
SM
MD
LG