Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:29

ЛИВАНДЫН ТҮНДҮГҮНДӨГҮ КАГЫЛЫШУУЛАР УЛАНУУДА

Нарын АЙЫП, Прага Ливандын түндүгүндө жекшембиде эртең менен чыккан куралдуу кагылышуулардан эки күндө алтымыштай адам курман болду. Ливан жетекчилигинин айтымында, өкмөттүк күчтөр - качкындар айылында жашынган исламдык эктремисттердин куралчандары менен согушууда.

Ливандын аймагында качкындар үчүн 12 атайын айыл уюштурулган, аларда негизинен - Палестинадан качып чыккандар жашайт жана качкындардын жалпы саны 400 миңдин тегерегинде. Ал айылдардын көпчүлүгү мындан 40-50 жыл мурда түзүлгөндүктөн, алардын айрым тургундары андай качкындар айылындагы жашоодон башка турмушту көргөн эмес жана билбейт.

Кошуна Палестинада аракеттенген Фатх уюмунун Сириянын саясатын колдогон айрым мүчөлөрү бөлүнүп чыгып, 1980-жылдарда "Фатх эль-интифада" деген уюм түзгөн, ал уюмдун өзүнөн 2006-жылы "Фатх эль-ислам" деген дагы бир чакан топ бөлүнүп чыккан, анда бардыгы болуп эки жүз элүүгө жакын гана мүчө бар.

Алардын көпчүлүгү палестиналык арабдар эмес, башка улуттардын өкүлдөрү жана алар негизинен Ирак чек арасында жашаган, бирок былтыр жайында Израил аскерлери Ливандагы "Хизбалла" уюмуна бир айлык согуш жүргүзгөндө, ошол "Фатх эль-ислам" деген чакан топ Ливандын түндүгүнө жер которгон жана Триполи шаарынын алдындагы "Нахр эль-Барид" деген качкындар айылында отурукташкан.

20-май күнү Ливан полициясы - жакында бир банкка кол салган кылмышкердерди кармоого аракеттенгенде, Триполи шаарында кагылышуу чыкты, анткени ал шектүү адамдар ошол "Фатх эль-ислам" менен байланышы бар экен. Алардын айрымдары Триполи шаарындагы бир үйдө жашынып, өкмөттүк күчтөргө каршылык көрсөтсө, калгандары качкындар айылына кирип кетип, эки жерде тең кагылышуу болду жана 12 саатка уланган ок атышуудан кырк бештен ашык адам набыт кетти.

Лондон шаарындагы "Чэтем хаус" деп аталган изилдөө борборунун эксперти Надим Шехадинин айтымында, бул топтун кошуна Сирия менен байланышы күчтүү: "Алар Ливанга сырттан келгендер. Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун маалыматына караганда, алар Сириядан келген жана Сирия көзөмөлдөгөн башка бир уюмдан бөлүнүп чыккан, Ливандагы көпчүлүк палестиналык уюмдар аларды тааныбайт. Кечээки кагылышуулар болсо - Ливан боюнча Бириккен Улуттар атайын трибунал түзүү маселесин караштырып жатканда башталууда", - дейт Шехади.

2005-жылы Бейрут шаарында Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Харири жардырып өлтүрүлгөн жана эл аралык тергөөчүлөрдүн айтымында, ага кошуна Сириянын коопсуздук кызматтарынын тийешеси болгон. Эксперт Шехадинин айтымында болсо, "Фатх эль-ислам" уюмунун жетекчиси Шакер ал-Абсси Сирияда абакта отурган, бирок бийлик аны былтыр бошоткондон кийин Ливанга кайтып келди жана ошондон соң уюмдун аракеттери күчөдү. Кошуна Йорданиянын соту аны мурда өлүм жазасына кескен.

Ливандагы ок атышуулар 21-май күнү дагы уланды жана ар башка маалыматтарга караганда, өлгөндөрдүн саны алтымышка жетип калды, алардын жарымы - өкмөттүк аскерлер, он бештейи карапайым адамдар.

1969-жылы түзүлгөн келишим боюнча, өкмөттүк аскерлер качкындар айылына кирбеш керек, ошондуктан "Нахр эль-Барид" айылы алыстан артиллериядан бомбаланууда. Бул айылда 30 миңге жакын адам жашайт, айылда болгону бир гана тез жадам машинеси бар, ошондо дагы ал айылдан чыгып, Триполи шаарына бара албайт, анткени окко кабылышы мүмкүн.

"Фатх эль-ислам" уюмунун өкүлдөрү билдиргенге караганда, полиция аларга каршы атайын провокация уюштурду. Өкмөттүн билдиргенине караганда, 13-февралда Бейрутка бараткан эки автобусту ушул уюмдун куралчандары жардырган, анда үч адам курман болуп, отузга жакын киши жараат алган. 21-майга караган түнү болсо борбор калаа Бейрутта дагы жарылуу болду, андан бир аял набыт кетип, дагы онго жакын адам жарадар калды.
XS
SM
MD
LG