Иран жана белорус президенттерин бир маселе – АКШга жүнү тетири айланган идеология айныксыз жакындаштырып турат. Антиамериканизм философиясы аларды Венесуэла менен Кубанын лидерлери Уго Чавестин жана Фидель Кастронун ийримине кошту. Мындан башка Тегеран менен Минскини өз ара пайдалуу кызматташтыкка түрткөн тармакты табуу кыйын.
Минскилик саясий илимпоз Ихар Лялкунун айтымында, Лукашенко табигый отунга бай Иран менен өндүрүш чөйрөсүндө келишим түзгөнгө үмүт кылып жаткандай. “Мукурап акчага муктаж болуп турган Белоруссияга Иран каражаттын жаңы булагындай көрүнүүдө. Ал эми Ирандан мунай казып алуу планына келсек,ал өтө эле кыялый иш сыяктанат”, - дейт Лялку.
Лукашенконун режими көп жылдардан бери россиялык арзан мунайдын жана газдын эсебинен өз экономикасын жөндөп келди. Быйыл жыл башында Москва менен тутанган жаңжал, өзгөчө орус газынын баасы кымбаттаганы Белоруссияны көп жагынан кынжылта баштады.
Минскилик эксперт Александр Класкуский белорус бийликтери баарыдан мурда энергиянын альтернативдүү булактарына үмүт кылып жатканын белгилеп,бирок бул тармакта чоң проблемалар бар экенин эске салды. Ооз жүзүндө бирин-бири ишендиришкени менен Ахмединежад,Чавес өңдүү лидерлер Минскиге өнөгүн оңойлук менен алдырбайт.
Дегеле Иран менен Венесуэла эки тараптуу байланыштарга өтө саресепчил мамиле жасашат. Андыктан тараптардын ири масштабдагы кандайдыр бир келишимдерге жетишери күмөндүү, дейт Класкуский.
Лукашенко менен Ахмединежад ядролук технология жана курал-жарак чөйрөсүндөгү кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашы ыктымал.