Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык окуу жайында “Андаш”, “Жерүй” алтын кенднри боюнча коомдук угуу башталганы турат. Облустун миңге жакын тургуну келип, жыйынды сыртта өткөрүүнү талап кылышууда. Ал эми облустук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү жыйын музыкалык мектептин ичинде өткөрүлөрүн айтышууда. Ал жерде тартипти камсыз кылуу максатында Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов баш болгон эки жүзгө чукул милиция кызматкерлери турушат. (AJ)