Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫ КИМ СОЗДУКТУРУУДА?


Жогорку Кеңештин жайкы каникулга кетерине бир айдан ашык убакыт калууда. Ал эми Конституциялык сот «Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбооруна корутунду берүүнү кароого кирише элек. Конституциялык соттун судьясы Асылбек Кененсариевдин билдирүүсүнө караганда, Жогорку Кеңештин өз өкүлүн тийиштүү токтом менен бекитпегендиги ишти кароого жол бербей жатат.

Парламент дүйшөмбү күндөн бери энергетика тармагына байланыштуу маселелерди талкуулап жатат. Ага премьер-министр Алмаз Атамбаев катышууда. Өлкөнүн экономикасынын негизи деп эсептелген энергетика тармагын талкуулоодо президент менен премьер-министрдин ыйгарым-укуктары, кадр дайындоо маселелериндеги карама-каршылыктар ачыка чыгууда. Депутат Мурат Жураев бул карама-каршылыктарды конституциялык реформа чечет деген пикирин айтты. Бирок конституциялык реформа шыр кетпей, ар кандай бюрократиялык тосмолорго такалууда. Оппозициялык саясатчы Кубатбек Байболов муну бийликтин конституциялык реформа өткөрүүгө ыкласы жоктугу менен түшүндүрүүдө. Ал эми премьер-министр Алмаз Атамбаев бул маселе боюнча мындай түшүндүрмө берди:

-Чолпон Турсуновна Баековага атайлап бардым, сүйлөштүм. «Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндө» долбоор бердик эле, анын тагдыры кандай болот деп сурадым. Ал айтты, парламент Иса Өмүркуловду өкүл болсун дептир, бирок туура эмес болуп калыптыр. Анткени бир гана Марат Абдыразаковичтин колу менен кат келиптир. А чыныдыгында парламенттин чечими керек экен.

Конституциялык соттун судьясы Асылбек Кененсариев премьер-министридин сөзүн тастыктап, Жогорку Кеңеш өз өкүлүн токтом менен бекитип бериш керектигин билдирди:

-Токтом менен бекитилиш керек. Токтомдо бул ишенимдүү өкүл деп белгиленип, анан төраганын ишим каты берилиш керек. Анткени Жогорку Кеңеш жамааттык орган. Төрага Иса Өмүркуловду жөнөтсө, депутаттар башканы жөнөтөбүз деп чыгышы мүмкүн.

Бул жагдайга карата Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов мындай пикирин билдирди:

-Негедир башка маселелер каралганда мен ишеним берген кишилер менен Конституциялык Сот иштейт, маселени карай берет. Анан Конституцияга келгенде эле Иса Өмүркуловго ишеним кат берсем болбой калат. Мен буга таңкалып турам. Бирок Жогорку Кеңештин чечими менен бекитилиш керек деген катты Конституциялык Соттон алган жокмун. Эгерде керек болсо Жогорку Кенештин чечими менен бекитип берели.

Төраганын мына ушундай сунушунан кийин депутаттар ишенимдүү өкүлгө добуш берүүгө киришти. Алгач Иса Өмүркуловдун талапкерлиги коюлуп, бирок ал жетиштүү добуш алалган жок. Андан кийин депутат Муратбек Мукашевдин талапкерлиги сунушталып, ал 37 добуш алды. Ага дагы бир добуш жетпей калды. Бирок депутаттар Муратбек Мукашевге ишеним көрсөтүлдү деп эсептеп, ага ишеним кат берүүнү төрага Марат Султановго сунуштады.

Эми Конституциялык сот Муратбек Мукашевди ишенимдүү өкүл деп эсептеп, маселени кароого киришеби, ал белгисиз. Анткени Мукашев дагы парламенттен зарыл болгон 38 добушту алалган жок.

Айданбек Акмат уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG