Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин журналисттерге билдиргени боюнча аны 11-май күнү өзүнүн иш бөлмөсүндө ууландырууга аракет болгон:
-Өзүмдүн иш бөлмөмдө мага суу беришкен. Эки күн өзүмө келбей жаттым, ууландыруу болду деп билдим. Өкмөт үйүндө, өзүмдүн иш бөлмөмдө болду. Дарыгерлер эки жума бою канымды тазалашты. Мына азыр өзүңүздөр көрүп тургандай, мен басып-туруп, сүйлөп жүрөм.
Алмазбек Атамбаев өзүн ууландырууга аракет болгондугун өткөн жумада парламенттин комитетинин отурумуна катышып жатканда да билдирген.
Ал “Кристалл” заводун мамлекетке кайтарууга аракет кылгандыгы үчүн коркутуп-үркүтүүлөр болуп жаткандыгын айтып, бирок кимдер тарабынан болгондугун ачыктаган эмес. Премьер-министр бул тууралуу бүгүн да ачык айткан жок:
- Мен эми кызматтан кетпейм. Анткени мен коркутуп-үркүтүүлөрдөн коркпойм. Мага таарынгандар көп окшойт, азыр менин душмандарым да көп болсо керек,-деди Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаевге байланыштуу бул окуяга коомчулук түрдүү пикир айтып жатат. Өкмөт башчынын расмий түрдө жасаган билдирүүсү көңүл бурдура турган факт деп эсептейт Жогорку Кеңештин депутаты, “Реформа үчүн” кыймылынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев:
-Ууландыруу болду же болбоду деп айта албайм, бирок премьер-министрдин расмий билдирүүсү көңүл бурдуруучу факт. Ошондуктан, бул маселеге укук коргоо органдары жана коомчулук олуттуулук менен мамиле кылууга тийиш.
Өмүрбек Текебаев Алмазбек Атамбаев өз өмүрүнө коркунуч бар деп кооптонуп аткан соң, ал кылмыш кырдаалын көзөмөлдөй албайт го деген оюн кошумчалады.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов болсо өкмөт башчы эгер ууланганына көзү жетсе аны фактылар менен далилдеп бериш керек деп эсептейт. Анын журналисттерге билдиргенине караганда эгерде Атамбаевдин ууланганы дарыгерлер тарабынан тастыкталса, анда сөзсүз түрдө парламенттик иликтөө жүргүзүлөт.
Ушундай эле пикирди жарандык коомдун айрым өкүлдөрү да айтышууда. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова Алмазбек Атамбаев мамлекет башындагы экинчи киши болуп эсептелет, ошондуктан далил менен көрсөтүп айтууга анын толук мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт:
-Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү “мени ууландырууга аракет жасашты” деп билдиргени премьер-министрдин деңгээлиндеги ыйлактап айтыла турган сөз эмес. Ал бүгүнкү күндө мамлекеттик эң жогорку деңгээлдеги экинчи жүз, экинчи киши. Эгерде азыр премьер-министрдин, президенттин коопсуздугу сакталбай атса, демек, Кыргызстанда эч бир адамдын коопсуздугу сакталбай жатат,-дейт Азиза Абдурасулова.
Өкмөт башчыны ууландырууга жасалган аракет боюнча өлкөнүн күч структуралары кандай иш алып барып жатканы коомчулукка белгисиз бойдон калууда. Улуттук Коопсуздук кызматы боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты. Ал эми Башкы прокуратура өкмөт башчы атайын кайрылбагандыгына байланыштуу кылмыш иши козголбогондугун маалымдады. Өзүн ууландырууга жасалган окуя боюнча кандай аракеттерди көрүп жаткандыгы тууралуу журналисттердин берген суроолоруна Алмазбек Атамбаев өзү да жооп берген жок.