Мурда Орусиянын Коопсуздук кызматында иштеген Александр Литвиненко 2000-жылы Британияга качып, кийин ал жакта саясий баш калка алган. Былтыр болсо ал катуу ооруп жыгылып, үч аптадан кийин, 23-ноябрда ооруканада каза болгон, анын денеси изилденгенден кийин, ал радиоактивдүү полоний менен ууландырылганы аныкталган.
Британ полициясы тергөө жүргүзүп, былтыр 1-ноябрда Лондондун бир мейманканасында Литвиненко менен жолуккан эки орус бизнесменинен шек санаган. Андрей Луговой жана Дмитрий Ковтун деген ал эки ишкер дагы мурда Орусиянын Коопсуздук кызматы үчүн иштеген жана алар Лондондо болгон жердин баарында радиациянын изи калган. Лондонго келээр алдында Ковтун Алманияда болгон жана ал жерде дагы ал жашаган үйдө радиация калган.
Аталган ишкерлерди британ полициясы суракка алайын дегенде, орус прокуратурасы Литвиненконун өлүмү боюнча өз алдынча тергөө баштап, Луговой менен Ковтунду кимдир бирөө Литвиненко менен кошо ууландырган деп чыккан жана Лондондо жашаган Борис Березовский, Ахмед Закаев жана башкаларды суракка алыш керек деп билдирген. Анткен менен декабрда британ детективдери Маскөөгө келип, ооруканада жаткан Луговой менен Ковтунду орус тергөөчүлөрү аркылуу сураган.
Тергөөнү аяктап, үстүбүздөгү жылдын 31-январында полиция ишти прокуратурага берген жана айрым байкоочулар - Маскөө менен мамилени бузбаш үчүн, Улуттук прокуратура эч кимге расми күнөө койбойт деп билдире бюаштаган. Лондондо чыгуучу "News of World" деген гезит 20-май күнү - Британиянын тышкы иштер министрлиги прокуратурага басым жасап, орус жарандарына күнөө койбош керек деп жатат деп жазган.
Анткен менен 22-май күнү Британиянын Улуттук прокуратурасынын башчысы Кен Макдоналд журналисттер менен жыйын өткөрүп, орус жараны Луговой күнөөлүү экени жөнүндөгү далил жетиштүү экенин жарыялады: "Бүгүн мен чечимге келдим жана Александр Литвиненкого Андрей Луговой атайылап уу бергени жөнүндөгү полиция таап, бизге жиберген далилдер жетиштүү экени тууралуу билдирем. Андан тышкары мен - күнөөлүү адамды жоопко тартуу коомчулуктун кызыкчылыгында экени жөнүндө дагы чечимге келдим", - деп билдирди Макдоналд.
Анын айтымында, эми Луговойду Британияга алдыртып келип, соттош керек: "Биздин укукчуларга мен тапшырма бердим - алар Андрей Луговойду мүмкүн болушунча ылдамыраак Орусиядан Улуу Британияга алдыртып келиш керек, ага Лондон соту алдында адам өлтүрүү боюнча күнөө коюлуш керек жана андай оор кылмыш үчүн ал жаза тартууга тийиш", - деди Британиянын Улуттук прокуратурасынын башчысы.
Ошол эле күнү Орусиянын Лондондогу элчиси Юрий Федотов Британиянын тышкы иштер министрлигине чакыртылып, ага - орус тарап бул иште Британия менен толук кызматташууга тийиш деп айтылды. Орусиянын Башкы прокуратурсы болсо орус жаранын башка өлкөгө жиберип, ал жакта соттоо - өлкө конституциясына каршы келет деп билдирди.