Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:02

ТУРГУНБЕК КУЛМЫРЗАЕВ: ПРЕМЬЕРДИ БИЙЛИККЕ ИЧИ КҮЙГӨНДӨР УУЛАНДЫРДЫ


«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын маектеши Социал-демократиялык партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Тургунбек Кулмырзаев болду.

- Кечээ Алмаз Атамбаев аны кимдир бирөө ууландырганга аракет кылганын айтты. Премьер-министр окуя 11-май күнү Акүйдөгү кабинетинде болгонун, ал бирөө берген сууну ичип ууланганын айтты. Сизде маалымат барбы ошол сууну ким берген?

- Ал сууну ким бергенин айтыш кыйын. Бирок менин оюмча мындай аракет кылган кишилер бул жалгыз Атамбаевге эмес, бул Кыргызстандын душманы болуш керек. Өзүңүздөр билесиздер, апрелдин башындагы митинг болоордон мурун президенттин өтүнүчү менен, суроосу менен ызы-чууну токтотуш үчүн, элде тынччылык болсун деп ошол кызматка барды эле белин бекем бууп. Ушуну угуп алып биз дагы кыжырданып, тынчсызданып атабыз.

- Сизге бул окуя качан маалым болду эле?

- Бул окуя болгон убакта эле билгенбиз. Андан кийин муну тияк-биякка айтышка туура келген жок, эми өзүнүн оозунан элге чыгып калгандан кийин элге белгилүү болуп калды.

- Бул окуя тууралуу көптөгөн суроолор туулуп атат, мисалы эмне үчүн мамлекеттеги экинчи адам бул окуя тууралу дароо айтпай, азыр эле айтып жатат?

- Алмаз Атамбаевдин өзүнүн мүнөзүн дагы эл билип калбадыбы, көп андай ызы-чууга жакын эмес. Ошон үчүн жөнөкөй өтүп кетет го деген ой менен тымызын иштер болуп калды окшойт. Бирок өзүнүн кийинки кыйналганына карап, аягында элге чыгып кетти окшойт.

- Сизде маалымат барбы, ушул иш боюнча качан кылмыш иши козголот, качан иликтөө жүрө баштайт?

- Аны күч органдары өздөрү ойлонуш керек го деп ойлоп атабыз. Азыр бул иш ачыкка чыккандан кийин бул жалгыз эле Атамбаевге болгон каршылык эмес, эгерде жакшылап ойлонсок бул бийликке болгон каршылык. Бул жөнүндө президент дагы жакшы ойлонушу керек. Менин жеке оюм боюнча бул бийликтен болгон жок, бийликке ичи күйгөндөр, азыркы бийликке, өзгөчө Атамбаевге каршы болгондордун колунан келиши мүмкүн.

- Кимдер каршы болушу мүмкүн?

- Акыркы эки жылдан бери өзүңөр көрүп атпайсыңарбы, эмне деген шумдуктар болуп кетти. 15 жылда болгон иш болуп кетти, канча кишинин өмүрү кыйылды, канча жаман иштер болуп атат, кайсы жерде кичи чогулуш болсо аягы чатак менен бүтүп атат. Шайлоолордун аягын да көрүп атабыз. Менин оюмча мамлекетте мындай жол менен барсак биз оңолбойбуз. Азыр түп тамырынан бери 15 жылдан бери канына, жинине сиңип калган бийликтин өзүнүн түзүлүшүн өзгөртүшүбүз керек. Бийликтин түзүлүшү өзгөрмөйүнчө бул бийлик өзү да өзгөрбөйт, бийликте отурган киши да өзгөрбөй калды. Мен 24-март 2005-жылы ойлодум эле, Кыргызстанга эми 15 жылдан кийин чын эгемендүүлүк, демократия келет деп. Бирок бул оору катуу оору экен. Акаевдин илдети азыркы бийликке жармашып алып кетпей жатат.

- Тургунбек мырза, кечээ Атамбаев айтты менин душмандарым өтө көп деп. Кандай аракеттери аркылуу ушунча душман тапты деп ойлойсуз?

- Алмаздын 90-жылдардан бери эле душмандары көп. Акаевдин бийлигинде дагы душмандары көп болду. Мына 24-марттан кийин башында министр болуп, келишпестик болуп андан кетти. Эми премьер-министр болуп элдин бүтүндүгү, тынччылыгы үчүн деп бардыгын таштап, билек түрүнүп барды эле. Мен ойлойм бул окуядан кийин душманы дагы көбөйүп калса керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG