Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:38

МИЛИЦИЯНЫ РЕФОРМАЛОО КАНДАЙ НАТЫЙЖА БЕРИП ЖАТАТ?


ЕККУ кыргыз милициясын реформалоо боюнча атайын долбоорун баштаганына төрт жылга чукулдап калды. Мунун алкагында уюм “аймактык милиция” деп аталган дагы бир жаңы долбоорду ишке киргизүүдө. Аталган долбоордун максаты кылмыштуулукту азайтуу жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөө, эл менен милицияны жакындатуу болуп саналат. Буга чейин айрым эл аралык жана бейөкмөт уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоолор элдин 30-40% гана милицияга ишенерин көрсөткөн.

“Аймактык милиция” деп аталган долбоор буга чейин Эстонияда ишке киргизилип, жакшы натыйжаларды берген. ЕККУнун милицияны реформалоо боюнча долбоорунун эксперти Тармо Вайктын айтуусунда мурда Эстонияда калктын 30% гана милицияга ишенчү, долбоор ишке киргенден кийин элдин ишеними 70-80% өсүп, кылмыштуулук көрүнүктүү деңгээлде азайган. “Аймактык милиция” долбоорунун алкагында участкалык милиционерлерди жана жергиликтүү калкты окутуу, кылмыштуулукка каршы чогуу күрөшүүгө аракеттерди үйрөтүү каралган. ИИМнин коопсуздук бөлүмүнүн ага инспектору Алмазбек Молдоакматовдун айтуусунда бул долбоор Кыргызстанда жаңы ишке кирип атат:

-Эң биринчи Бишкектеги 1-май районунда башталган. Азыр борборубуздагы Свердлов районунда, Ош жана Каракол шаарларында да үлгү долбоор катары ишке кирди, -дейт ага инспектор.

ЕККУ кыргыз милициясын реформалоо ишин 2003-жылы баштаган. Андагы негизги долбоорлордун бири массалык баш аламандыкты тартипке келтирүү мезгилиндеги милиция кызматкерлеринин аракети болуп саналат.

Бул долбоор тууралуу ЕККУнун адиси Тармо Викманын “Азаттыкка” айткан сөзү боюнча реформанын жакшы натыйжасы үстүбүздөгү жылы апрель митингин таратуу учурунда көрүндү:

-2002-жылы милиция элди ата баштаган. Бул 21-кылым үчүн жапайы көрүнүш. Бул ЕККУнун милициянын атайын даярдалган отряддарын окутуп баштаган алгачкы долбоорлорунун бири. Аларды биз чогулган элди же кандайдыр бир топту таратууда күч колдонбой, туура тактиканы колдонуп, иштөөгө үйрөттүк. Мына өзүңүздөр деле көрдүңүздөр бул жолу (апрель митингдерин таратууда-авт.) оор жаракат алгандар болгон жок, кан төгүлгөн жок. Бул жолу атайын даярдалган отряд жакшы иштешти. Бирок мунун артында ондогон адистердин эмгеги турат.

ЕККУ эксперти Тармо Викманын айтуусунда кыргыз милициясын реформалоонун дагы бир нече долбоорлору ишке киргизилүүнүн алдында турат. Алардын ичинде 102 тез байланыш кызматын толугу менен реформалоо жана заманбап техникалар менен жабдуу да бар.

ЕККУ кыргыз милициясын реформалоону баштаганда айрым укук коргоочулар буга каршы чыгышкан. Алардын бири, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова реформанын кыргыз милициясы үчүн пайдасы көп, бирок тынч чогулган элди кууп таратуу, күч колдонуу практикасы мындан ары бийликтин элге каршы колдонуучу куралы болуп калуусу мүмкүн деген пикиринен бүгүн да жазбай келет:

-Ооба, апрель митингдерин таратууда милиция эл аралык стандарт менен кууп таратты. Анткени чогулгандар тарабынан ээнбаштыктар болгон. Бирок андан ары да кууп кетпедиби, мына бүгүнкү күнгө чейин куугунтук токтобой жатат. Эң негизгиси мындан ары бийлик ушинтип кууп таратууга ишенип алып, түрдүү социалдык-экономикалык талаптар менен митингге чыккан, тынч чогулган адамдарды дагы кууп таратып, элдин талап-мүшкүлүн аткарбай коюуусу мүмкүн.

Азиза Абдурасулованын айтуусунда Кыргызстанда социалдык-экономикалык көйгөйлөр али көп, ал эми мындай маселелери эчак эле чечилген батыштын өнүккөн өлкөлөрүнүн кээ бир тажрыйбаларын колдонууга Кыргызстан үчүн али эртелик кылат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG