Багдаддын батыш тарабындагы Фаллужа калаасында тажыяга чогулгандарды бутага алган машинедеги бомба жардыруусу 25 кишинин өмүрүн алып, дагы 30дай киши жараат алды. Анын алдында Ефрат дарыясынан табылган өлүк – дайынсыз жоголгон 3 АКШ аскеринин биринин сөөгү экени маалымдалган. 3 америкалык аскер 12-май күнү буктурмадан чабуулга алынган боюнча дайынсыз эле.