Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

БУШ ИРАНДЫ КАТУУ ЖАЗАЛООГО ЧАКЫРДЫ


АКШ президенти Жорж Буш Улуттар Уюмуна Иранга катуу чараларды көрүүнү сунуш кылды. Ак үйдө бейшемби күнү капыл-тапыл уюштурулган маалымат жыйыны маалында Буш Иракта кандуу кыянатчылыктар уланып жатканын да моюнга алып, быйылкы жай чечүүчү учур болорун эскертти.

Буш Иранга конкреттүү кандай санкциялар жарыяланышы керектигин айткан жок. Бирок мамлекеттик катчы Кондолиза Райс АКШга союздаш өлкөлөр менен бу маселе боюнча кеңири масилет-кеңештерди өткөрө турганын ырастап, Россия менен Кытай да буга кошуларына ишенич билдирди. Жаңы санкцияларды европалык өнөктөштөр менен таңашып-талдап чыгабыз, деп айтты Буш. Бу маселени орус жана кытай лидерлери менен да талкуулай турганын айтып, Путин менен Цзинтао Иран ядролук куралга ээ болсо, жалпы дүйнөлүк кырдаалга бүлүк саларын түшүнүүгө тийиш деп белгиледи.

МАГАТЭнин шаршемби күнү Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине тапшырылган докладында Иран эл аралык коомчулуктун талаптарын аткарбай, уран байытуу ишин активдештиргени тастыкталган.

АКШнын өкүлдөрү алдыдагы дүйшөмбүдө Багдадда болгону жаткан жолугушууда иран дипломаттары менен бу маселени талкуулап калышы ыктымал. Жолугушууга АКШнын жана Ирандын Ирактагы элчилери катышат. Сүйлөшүү маалында тараптар Ирактагы абалды жөнгө салууга Тегеран кандай көмөк көрсөтө аларын сөз кылышмакчы.

Ак үйдөгү пресс-конференцияда Буш Ирактагы абалга кайрылып,алдыдагы айларда кырдаал кыйчалыштай турганын эскертти. Быйылкы жай Ирактагы стратегиябыз үчүн чечүүчү сыноо болот, деди Буш. Эмки айдын ортосунда Багдадга аскери кошумча беш бригада келет. Алар өз милдетин аткарууга киришкенче Ирактын душмандары, “Ал-Каиданын” жаңчылары менен козголоңчулар каршылык аракеттерин улантышат. Алдыдагы апталарда жана айларда, Буштун болжолу боюнча, катуу уруштар тутунашы мүмкүн, анын айынан америкалыктар менен ирактыктар арасында жаңы курмандыктар болору калетсиз.

Буга байланыштуу Буш Ирак премьери Нури ал-Маликиге кайрылып, коопсуздукту чыңдоо жагынан күч-аракеттерди күчөтүүгө чакырды. Конгрессте Ирактагы согушка кошумча каражат ажыратуу тууралуу талаштуу маселеде демократтар менен республикачылар мунасалуу чечимге жетишкенин канааттануу менен белгилеп, Буш мунун өзү Багдад бийликтерине да жаңы мөөнөттүн башталышы болуп калууга тийиш экенин эскертти. Мыйзам долбоорунда Ирактан америкалык аскерлерди чыгаруунун шарты жана датасы айтылган эмес.

Үч апта мурда Ирактан аскерлерди быйыл күздөн тартып чыгара баштоо талабы коюлган мыйзамга Буш вето салган эле. Президенттин ветосун жокко чыгарганга конгресстин эки палатасында көпчүлүктү түзүшкөн демократтар жетерлик добуш топтой албай коюшту.

XS
SM
MD
LG