Кезектеги чыр президент Виктор Ющенко башкы прокурор Святослав Пискунду кызматтан алып анын ордуна Виктор Шемчукту койгондон улам чыккан.
Мыйзам арибине ылайык мамлекеттик кызматтагы киши эки орунду ээлебөөгө тийиш экен, а Пискун болсо региондор партиясынан депутат да экен. Баш прокурор болуп дайындалып атканда депутаттыгын таштабай жүрүп алганда президент аны кызматан алды дешет.
Бирок Региондор партиясынын жетекчилиги сыңары прокурор Пискун мамлекеттин башчысы чыгарган чечимди тааныбай туруп алгандыктан, кечээ өкүмөт башчыга баш ийген «Бүркүт» аталыштагы атайын кызматтагылар баш прокурор олтурчу кенсени бузуп кирип президент дайындаган прокурордун милдетин аткаруучу Виктор Шемчукту кууп ийип Пискунду ордуна олтургузушкан.
Чыр ырбап, тараптардын күч түзүлүштөрүнүн ортосунда мушташ чыгып, кийин түнү бою алар биринен бири тарттырып ийбеш максатта имаратты кайтарып чыгышкан.
Ялта калаада КМШ өлкөлөрүнүн өкүмөт башчылары менен өтүп аткан жолугушуусун таштап салып Янукович шашылыш түрдө Киевге учуп келген. Сыналгы аркалуу айткан пикиринде: «өлкөдө жарандар согушу чыгып кетишине жол бербейбиз» - деген.
«Биз президенттин жакын чөйрөсүндөгү кишилер түрткүлөөсүнөн улам Украинанын башкы прокурорун кызматтан бошоткусу келген сыяктуу жоопкерсиз жана укукка дал келбеген чечимден улам кармаш чыгып кеткенине күбө болдук. Буга окшогон чагымдар акыры келип чукулку кырдалдарга дуушар кылышы ыктымал» - деген Виктор Янукович.
Бүгүн журналисттер алдында айткан пикиринде президент Виктор Ющенко да бийликти экинчи тарап күч менен тартып алганы атканын белгилеген.
«Буга окшогон кылмыштуу буйрукту ким берди деген суроо эсте калат. Саясий кармашта күч колдонгону үчүн ким жоопкерчиликти тартууга тйииш? Бул бийликти тартып алуу үчүн акырын аста, жылуу жумшак жүргүзүлүп аткан мамлекетик төңкөрүш», - деген.
Андан ары Украинанын президенти «күч түзүлүштөрүн саясий кармашка аралаштыруу кризисти дагы кыйлага создуктурат» деген.
Украинада ички саясий кармаш эки айга чукул уланууда. Ошончо убак ичи Жогорку Раданы мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча кепке келише албоо да уланууда. Апрелдин башында президент андай указга кол койгондон тартып премьер министр Янукович тараптагы депутаттар аны тааныбай келишүүдө.