Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

ТАЛАС: "КЕНДЕРГЕ КАРШЫ" УЮМУНУН ЛИДЕРЛЕРИ КАМАККА АЛЫНДЫ


Уланбек Абдырахманов, Талас Таластагы алтын кендеринин иштешине каршы болуп келаткан адамдардын онго жакын лидерин облустук жана Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 26-27-майда убактылуу камоочу жайга алып келип отургузушту. Аларга премьер-министр А.Атамбаевдин машинасына таш ыргыткан деген айып коюлууда.

26-май күнү өкмөт башчы А.Атамбаев кенге каршы турган митингчилер менен Таласка келип жолугушуп, “Жерүй” алтын кени иштей турганын элге айткан. Ага кошумча Талас районунун борбору мурдагы Көкой айылы болсо, эми Аксай айылына көчүрүлөрүн билдирген. Мындай чечимге нааразы болгон кендердин иштешине каршы турган беш жүзгө жакын жергиликтүү тургундар, Талас районуна караштуу Аксай айылындагы Талас-Бишкек жолун өкмөт башчы менен кайра сүйлөшүү үчүн жабышканын уюмдун лидерлери “Азаттыкка” билдиришкен. Натыйжада, милиция кызматкерлери күч колдонгондуктан ортодо жаңжал чыгып, таш уруу фактылары болгонун ошол жерде денесине таш тийип, жабыркаган Талас районунун тургуну Секил Асыранкулова “Азаттыкка” билдирди:

-Алтынды ачып салгандан кийин райондун бизге эмне кереги бар. Ошол кагазды алалы деп бардык. Баарыбыз жолдо отурдук. Кемпирлерге тийбейт деп. Энелерге тиймек турмак тебелеп кетпедиби. Тепсеп туруп, тигилерге жолду берип, аларды качырып жиберишти. Биз калып калдык. Көк ала болбогон жерим жок. Милиция тараптан урду ташты.

Ошол эле күнү 26-майда саат кечки сегиздер чамасында кенге каршы турган лидер Каймазар Иманалиев, Лира Тантабаева, Улукбек Осмонов жана окуяга катышкан Роза Жээналиеваларды милиция кызматкерлери үйлөрүнөн алып келип, облустук ички иштер бөлүмүндө тергөө ишин башташты. Түнкү саат он экиде Роза Жээналиева уюштуруучулардын катарында болбогондуктан бошотулуп, калган үч адамды убактылуу камоочу жайга киргизишти. Камалган адамдарды колдоп онго жакын Талас районуна караштуу Аксай айылынын аксакалдары, энелер жана жаштар облустук ички иштер бөлүмүнүн алдына келишти. Алардын бири Сагынбүбү Мырзабекова мындай дейт:

- Таалай деген бала таш ыргыткан биринчи. Биз көрүп турганбыз. Андай чоң таш ыргытылган эмес. Машинелердин бирөөсүнө да тийген эмес. Керек болсо машинени көңтөрөбүз дегенде кой деп койдуруп калганбыз. Бизден эмес бул бала. Бул баланы тааныбайбыз. Чагымчы бала бул.

27-майга караган түнү саат үч жарымда “Аялзат” бейөкмөт уюумунун төраймы Лира Тантабаева жаш баласы бар болгондуктан убактылуу камоочу жайдан бошотулду.

- 1937-жылдардагы окуялар менен окшоштуруп жатам. Бир күндө УВДнын, ГОВДнын балдары, прокуратура, сот болуп баардыгы ошол жерде чогулуп жүрдү. Мага болсо өлкөдөн чыгууга болбойт деген кагаз берди. Улам тергөөгө чакырып турабыз дешти,- дейт Лира Тантабаева.

Талас облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Айтбек Нуралиевге түнкү саат бирлер чамасында жумушуна кирип бара жаткан жеринен микрофон сунганыбызда, кыска гана буларга токтолду:

- Иш козголду. Массалык тартипсиздик боюнча өзүңөр көрдүңөр.

Ал эми Таластагы “Менчик укук” юридикалык ишканасынын адвокаты Жаныбек Карынбаев бул маселени мындайча чечмелейт:

- Элдин арасында таш тийип, жаракат алгандар бар экен. Менде азырынча так маалыматтар жок. Бирок, чагым болгон деп ойлойм. Азыркы жасалып жаткан иштер коргоо органдары тарабынан мен айтаар элем туура эмес, мыйзамсыз болуп жатат.

Азыркы тапта милиция кызматкерлери онго жакын кендердин иштешине каршы турган лидерлерди суракка алып жатышат. 27-май күнү түшкү бирлер чамасында милиция кызматкерлеринин айтымы боюнча 500дөн ашык, ал эми кенге каршы турган өкүлдөрдүн айтымында эки жарым миң адам облустук милиция бөлүмүнүн имаратынын алдына келишип, лидерлерди чыгарууну талап кылышты.

Облустук милиция бөлүмүнүн башчысы Айтбек Нуралиев лидер Майрамбек Береналиевди чыгарып, эл менен сүйлөштүргөндө ал элге кайрылып буларды айтты:

- Мен айттым эле го бири-бириңерге ишенбегиле. Арабызда чагымчылар бар деп. Мына жакшынакай премьер-министрибиз келип, узатып жатканда кимдир бирөөлөр таш ыргытты. Бизге эрегиштиби же башкага эрегиштиби иши кылып бул окуя болуп кетти. Тынчтангыла, кайрыла турган жерге кагаз жүзүндө кайрыла бергиле. Бизди эч ким урган жок.

Милиция кызматкерлери Майрамбек Береналиевди кайра камоочу жайга алып кирип кетишти. Митингчилер республикалык, облустук бийлик башчыларына кырдаал тууралуу кат даярдап жатышат.

XS
SM
MD
LG