Кыргызстандын тышкы карызы бүгүнкү күндө 2 миллиард АКШ долларына чукулдап барат. Чоң жүк болгон бул чоң суммадан кутулуу үчүн дүйнөлүк банк баш болгон донорлор HIPC программасына кирүүнү сунуштап, бир канча уюмдар каршылык акцияларын кайра-кайра уюштуруп атып өлкө жетекчилиги программага кирбей тургандыктарын айтууга мажбур болушкан. Эми ошол карыздардар кайрадан тынчытпай, өкмөт андан кутулуунун аргасы катары Улуттук банкта эсеп ачтырып, жалпы элди өз салымдарын кошууга үндөй баштады. Бирок, өкмөт эсеп ачууга ниетин билдиргенден тарта, бир топ сын пикирлерге кабылды. Ошентсе да мамлекеттин жүгүн жеңилдетүү үчүн элдик эсеп ачылганын туура көргөндөр да бар. Жаш экономист Талант Кемелов, тышкы карыздардан кутулуунун башка аргаларын изөө керек эле деген ойдо:
- Мамлекетке ишенич болмоюнча ал эсепке акча түшүш кыйын го. Акча которсоң деле алар жетпей калышы мүмкүн. Ошондуктан мен бул ойду ишке ашпайт деп эсептейм. Бул демилге өзүнчө эле шоу болуп атат. Башка жолдор менен кутулуш керек болчу. Мисалы, коррупциялык схема менен кеткен акчаларды, энергетикадагы кымтылып аткан каражаттарды бюджетке тартуу жолу менен иш кылсак болмок.
Өкмөттүн мындай демилгесин колдоого алгандар, мекенчилдик кылып ким канча болсо да мамлекетке жардам берүү керек дешет. “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев, мындай эсеп ачылса толук үйбүлөсү менен чыгып өз салымын кошмой болду:
- Мен өзүм Тургуналиевдин үйбүлөсүнөн сөзсүз кошобуз. Мына былтыр атуулдук өз милдетин аткарып бир ишкер жигит эсеп ачкан. Ал эми мамлекет карыздардан кутулуу үчүн эсеп ачса Улуттук банкка сөзсүз кошом мен.
Айрым саясатчылар бул жол такыр пайдасыз экендигин айтышат. Жогорку Кеңештин депутаты Авазбек Момункуловдун пикиринде, мындан чогулган каражатты деле ортодо чиновниктер мойсоп коюшу толук ыктымал:
- Менимче бул айла кеткендеги туура эмес жол. Муну башка жол менен кутулуш керек эле. Мисалы, өкмөт ойлонгусу келбейт. Кайра эле элге салып берип атат. Анан ошол эл чогулткан акча деле карызга кетерине менин көзүм жетпейт. Дагы бир себеп табылат, тиякка кетти, биякка кетти, тиякты сел каптады, биякка жумшадык, карайладык, анан айла жок деп туруп дагы жок болот ошону менен.
Белгилүү укук коргоочу Качкын Булатовдун пикири да буга үндөш. Анын айтымында, бийликте отургандар жегенин токтотпосо мындай демилге түккө да турбайт. Өккмөттүн бутагы болгон 39 чоң мекеменин жетекчилиги бардыгы жеп атканын, ушундай чакта тышкы карыздан мындай жол менен кутулууга болбой турганын, андай болгон учурда түшкөн каражатты ошол эле чоңдор жеп коюшарын айтат К.Булатов.
Серепчилердин баамында аз сандагы жарды эл тышкы карыздарды жаба тургандай олуттуу сумманы ортого чыгарышы күмөн. Кандайдыр бир суммадагы каражат топтолсо деле жогорку жактарга жеткенде сууга сиңгендей жок болуп кетиши мүмкүн деген пикир күч.