Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

СИРИЯДА ПРЕЗИДЕНТТИК РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮЛДҮ


Прага Нарын АЙЫП, Жекшемби күнү Сирияда президенттик шайлоо болуп өттү, ага бир гана талапкер - азыркы президент Башар Асад катышты. Добуш берүү аяктаары менен борбор калаа Дамаск шаарынын көчөлөрүндө элдик майрам башталды.

Бул шайлоону айрым маалымат каражаттары жана байкоочулар референдум деп да атап жатышат, анткени, биринчиден, добуш берүү бюллетендерине - сиз Башар Асаддын өлкөнү дагы жети башкаруусун жактырасызбы деп жазылган. Экинчиден, эч кандай башка атаандаш жок.

Башар Асад 42 жашта, ал Улуу Британияда окуп, көз доктур кесиптигин алган, бирок мындан жети жыл мурда анын атасы президент Хафез Асад кайтыш болгондон кийин 2000-жылдан 10-июлунда перзидент болуп шайланган. Анда дагы атаандаш талапкер жок болгон жана Асад шайлоочулардын 97 пайыздан ашык добушун чогулткан.

Азыр Сирияда 18 миллион 600 миң адам жашайт, алардын 12 миллионго жакыны добуш берүүгө укуктуу жана бардык байкоочулардын пикиринде, бийликтеги президент басымдуу көпчүлүк добушту чогултаары бышык. Референдум башталаарга чейин эле Дамасктын көчөлөрүнө миңдеген адам чыгып, президентке колдоо көрсөтүп жатышты, 24-май күнү өткөрүлгөн андай демонстрацияга бир жарым миллион адам катышты. Шайлоо алдында белгилүү ырчы-композиторлор президентке арналган жана "Биз сени сүйөбүз" деп аталган ыр да жазып чыгарды жана митинг-демонстрациялар учурунда ушул ыр аткарылууда.

Анткен менен өлкөдө акыркы жылдарда оппозиция да пайда болду, бирок анын жетекчиси Камал Лабвани май айынын башында 12 жылга эркинен ажыратылууга кесилди. Ага коюлган күнөө - Лабвани чет мамлекеттердин өкүлдөрү менен байланышып, Сирияга сокку урууну колдогон.

Лабванинин кызы Хинд Камалдын айтымында, Сирия эли бийликтеги президентти коркконунан гана колдоп жатат: "Менин оюмча, эл бийликтен коркконунан көчөгө чыгып, ага колдоо көрсөтүп, бийлеп жатат, алардын айрымдары үчүн болсо - баары бир. Анткен менен жалпы элдик мамиле такыр башка. Бир гана адам өмүрүнүн аягына чейин өлкөнү башкарганы жана ал кайтыш болгондон соң анын ордун анын уулу басканы жана ал дагы түбөлүккө жетекчи болгону логикага жатпайт. Мындай нерсе Сирия элинин менталитетине да туура келбейт, бирок эл коркот. Алар корккондуктан көчөдө бийлеп жатышат", - дейт Хинд Камал Лабвани.

Акыркы эки айдын ичинде бийликти сындаган алты адам соттолуп, эркинен ажыратылууга кесилди. Эл аралык коомчулук жана АКШ жетекчилиги аны май айынын башында сынга алды, бирок аны менен катар, кошуна Ирактагы абалды калыбына келтирүү маселеси менен байланыштуу Сирияга АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси келип, президент Асад менен апрелде жолугуп кетти.

Майдын башында болсо Мисирдин Шарм-эл-Шейх шаарында өткөн конференцияда АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем менен жолугуп-сүйлөштү. Буга чейин эки өлкө ортосунда көп жылдар бою бийик деңгээлде катнаш болгон эмес.

XS
SM
MD
LG