Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

14:35 2-июнда Бишкекте экинчи элдик жыйын болот


УМККнин жана ИИМдин убактылуу кармоо жайында Бириккен фронттун ондон ашуун мүчөлөрүнүн камалышы тууралуу маалымат бар. Бирок тиешелүү органдардан толук маалымат ала албай жатабыз, деди “Арнамыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, 19-апрелде Алатоо аянтындагы тынч митингдегилердин боз үйүн мыйзамсыз тартып алгандыгы үчүн күч органдарына кылмыш иши козголгон жок. Боз үйлөр Коргоо министрлигинин жана Юстиция министрлигине тиешелүү ички аскер бөлүгүнө, Ички иштер министрлигинин бөлүгүнө жана Ички иштер министрлигинин Академиясына жеткирилген. Демек 19-апрелдеги окуяга жогорудагы министрликтердин тиешеси бар деген божомол бар. “Бул маселелердин жыйынтыгы тууралуу 2-июнда Бишкекте спорт ордосунда өтүүчү экинчи элдик жыйында маалымдап, бийликтен биринчи элдик жыйында коюлган маселелрдин аткарылышын талап кылабыз”,- деди Алиев.

XS
SM
MD
LG