Энесайдагы кыргыз мамлекетинин өкүмдары Еренак 1667-жылы жунгарлар менен биргелешип орустардын Красноярск гарнизонуна чабуул койгон. Гарнизонду 376 адам кайтарып, чабуулдан алар оор жоготууга дуушарланышкан. Гарнизон жоокерлеринин 39 өлүп, 203 жаракат алып, 49 адам кыргыздар тарабынан туткундалган.
«Туркестанские ведомости» гезити 1889-жылы беймаалым кыргыз жазган макаланын орусча котормосун жарыялады. Макала автору Пишпек жана Пржевальск уездинде өткөн элдик соттордун, т. а. бийлердин курултайы жөнүндө маалымат берген.
Кыргыз калкынын каарман атуулу, Советтер Союзунун баатыры, генерал- майор Дайыр Асанов 1922-жылдын бу күнү жарык дүйнөгө келген. Д. Асановдун киндик каны Атбашы районунун Башкайыңды айлына таамп, ал Улуу Атамекендик согуштан кийин 1-Ульяновск танкалык аскер училищесин, Танкент жогорку танкалык училищени, аскер-саясий академиясын ийгиликтүү бүткөргөн. Улуу ата мекендик согушта Түштүк-Батыш, Воронеж, Дон, Сталинград, Степь, 2-Украина фронтторуна катышкан. Дайыр Асанович отставкага 1994-жылы генерал-майор даражасында кеткен.
Тажрыйбалуу сибирдик алтын издегич Петр Архипов 1936-жылы үстүңкү Нарындан алтын кенин издеп баштаган. П. Архиповдун изденүүсү текке кетпей, Кумбел жеринен алтын чыккан. Биринчи тазалоодон соң мамлекетке алтын тапшырылып, П. Архиповго болсо, «Нарындагы алтын кенинин биринчи ачуучусу» деген расмий документ тапшырылган.
Кыргызстан (большевиктер) Компартиясынын Борбордук комитети 1948-жылдын бу күнү «советтик патриотизмге тарбиялоодо кетирилген оор каталыктардын» бетин ачты.
Патриотизме залака келтирген деп «ачыкка чыгарылган» окумуштуулардын көч башына С. М. Абрамзондун «Очерки истории киргизской культуры» эмгеги коюлган. Мындан тышкаары, Байжиев, Бектенов, Саманчин, Самарин жана башка «бир канча фрунзелик окумуштуулардын» эмгектери зыяндуу чыгармалардын тизмегине алынган.
Фрунзе шаардык эмгекчилер депутаттарынын Кеңеши 1954-жылдын бу күнү борбор шаардын борбордук көчөлөрүндө унаа арабалардын жана оор жүк ташыган машиналарга тыюу салган чечим чыгарган.
Бу күнү, 1778-жылы улуу ойчул, француз жазуучусу, агартуучу жана тарыхчы Франсуа Вольтер жарык дүйнөгө келсе, 1960-жылы улуу орус акыны жана жазуучусу Борис Пастернак дүйнөдөн кайткан.