Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

ТЕМИР САРИЕВ: КОРКУНУЧТУУ КАРАМА-КАРШЫЛЫКТАРДЫН ЧОРДОНУНДА ТУРАБЫЗ


Кыргызстандагы саясатчылардын көбү өлкөнүн улам бир жеринде митинг, пикеттердин уланышы коомчулуктун бийликке нааразылыгынын күзгүсү деп белгилешип, мындай кырдаал мамлекеттин келечегин туңгуюкка алып барат деп кооптоно башташты.Мына ушундай пикирди карманган депутаттардын бири Темир Сариев "Азаттыкка" азыркы кырдаал боюнча көз карашын билдирди.

- Темир мырза, сиз 28-майда Кыргызстан кыйын кырдаалда турат деп айттыңыз. Ага кандай саясий, экономикалык жана башка негиздер бар?

-Эң негизги себеп-эл бийликке ишенбей турат. Бийлик алсыз. Анткени, Кыргызстандын булуң-бурчун алып көрсөңөр бардык жерде локалдуу, абдан коркунучтуу чоң карама-каршылыктардын чордонунда турабыз. Таласта Андаш менен Жерүйдүн айланасында эмне болду? Акырында, премьер –министр отурган машинаны талкалап кетип жатышат. Буга чейин премьер-министрдин көзүнчө таш ыргыткан болду беле? Бул эмнеден чыгып жатат? Анткени, эл бийликке ишенбей калды. Премьер-министр мындан бир ай мурун барып, “Мен баарын чечип, бир айдан кийин жообун берем” деген болчу. Эл ошого чыдап күтүп турду. Эгер бүгүн деле чындыкты айтканда же ошондо эле чындыгын айтканда эл чыдамак. Биз ошон үчүн президент белди бекем бууп туруп, бүгүнкү акыбалды ачык айтып, колунан эмне келет, эмне келбейт айтыш керек. Ушундай эле көрүнүш мына Кумтөрдүн айланасында болуп жатат. Бийлик сөзгө ынанбаса, сөздү укпаса, сөзгө маани бербесе же сөздүн маңызына түшүнбөсө эл кайда барат? Бардыгы айтылып бүткөндөн кийин айла жок эркин көрсөтө турган жолдорго барып жатышат.
Экинчи дагы бир чоң маселе 2005-жылы мартта болгон окуядан бери уланып келатат. Анткени, бүгүнкү бийлик бийликти кантип тартып алса болорун элге көрсөтүп койду. Ошон үчүн өздөрү кылган ишинин курмандыгы болуп жатышат. Анткени, күн өткөн сайын марттагы окуялар башка саясий күчтөргө түрткү берип жатат. Алар эгер бийлик айткан убадаларын аткарбаса, жасай турган иштерди жасабаса биз дагы ошол жол менен кетирип коебуз деп жатышат.

Үчүнчүдөн, бийлик мурунку бийликтин каталарын анализдеп, ошону кайталабайлы деп өз эрки менен бара алган жок. Өздөрү сынап, туура эмес деп келген бийликтин саясатын улантып жатат. Күн сайын “мени качан алып коет, дагы кандай күч чыгат” деген сезим менен келатат. Негизгиси, локалдуу конфликтерди чече албай туруп, мамлекеттин негизги багытын чече алышпайт. Ошон үчүн биз бардык жактан артта калдык. Мына карап көргүлөчү, тышкы саясат боюнча толук бөлүнүп калдык. Бизге эч ким келген жери жок, чакырган да киши жок. Эмне үчүн? Анткени, биздин ички да, тышкы да саясатыбыз туруксуз. Өзүбүздүн жеңилдигибизди көрсөтүп жатабыз, анан жакын коңшу мамлекеттердин кайсы жетекчиси келип, бир жылуу сө айтып кетет деп жалдырап жүрөбүз.

- Сиз президент элдин алдына чыгып, колунан эмне иш келээр келбесин айтыш керек деп жатасыз, Ага эл ынанабы?

-Кыргыз элинин башынан нечендеген оор учурлар өткөн. Эгерде биз кандай кыйынчылыктар күтүп тургандыгын, кандай жол менен бара тургандыгыбызды ачык айтсак эл чыдап берет. А президент эмнелерди айтыш керек? Эң биринчи, “Мен таза, ак иштейм” деп айтыш керек. Эл көрүп турат, мамлекетибиз анча чоң эмес, баарыбыз бири-бирибизди тааныйбыз. Үчүнчүсү, ар бирибиз мыйзамды, ошонун ичинде Конституцияны сыйлашыбыз керек. Берген убадаларыбызды аткарышыбыз керек. Мына ушул үчөөнү аткарсак эл ишенмек.

- Демек, премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин машинасынын Таласта ташбараңга алынышы ишенимдин түгөндүгүнүн далилиби? Эми өкмөт башчы катары ал кырдаалды жөнгө салууга өз салымын кошо алабы?

-Алмаз Атамбаев системанын курмандыгы болуп атат. Жаңылыштыгы-системаны бузуп туруп, анан барыш керек болчу. Ал барып туруп, анан системаны бузам деди. Тилекке каршы, ал азыр өзү ажыдаарга айланып баратат.

- Демек, мурда айтылгандай эле системаны өзгөртүү үчүн башкы кадам конституциялык реформа жүргүзүүбү же мындан башка да кандай кадамдар болуш керек?

-Ооба, биринчиден конституциялык реформа жасоо керек. Экинчиден, бардык жат көрүнүштөргө, анын ичинде коррупцияга чечкиндүү согуш жарыялоо керек. Коррупциялык көрүнүштөрдү жоготмоюнча биз эч кандай реформа жүргүзө албайбыз. Ошонун ичинде энергетика, бажы жана жөнгө салуучу мекемелер, жер бөлүштүрүүдөн баштап турак-жай салууга чейин бар. Ушулардын баары элдин өнүгүп-өсүп кетишине жол бербей жатат. Президенттин,өкмөттүн жүргүзүп жаткан саясатына каршы эл экономиканы өстүрүп жатат. Алар өз саясаты менен өнүгүүнү токтотуп жатат. Ошого карабай өсүп жатат. Эмне үчүн? Анткени, эл эч кимге ишенбей өзүнө гана ишенип калды.

- Мына ушундай туңгуюктан чыгуу үчун президенттин башкы кадамы эмне болуу керек жана бийликтин бир бутагы катары Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги эмнеде турат?

- Акаевдин убагында эле Акаевге столду муштум менен катуу коюп туруп, ишти ак барактан кайра баштаганга саясий эрк жетишпей жатат деп айтканбыз. Бүгүнкү Бакиевге да ушундай эрк жетишпей жатат. Тилекке каршы, Бакиев көп маселелерди чечпей калды.

- Анда ким чечип жатат?

- Чечим кабыл ала турган ар турдүү 4-5 борбор бар. Муну Бакиев өзү айтып жүрөт сүйлөшкөн адамдары жөнүндө “Мен буга табыштадым, тигиге табыштадым” деп. “ Мен мындай чечим кабыл алдым” деп айтпайт. Эгерде Конституция боюнча президент ички жана тышкы саясатты аныктай турган болсо ал чечимди өзү кабыл алып, жоопкерчиликти өзүнө алыш керек.

- Ошол борборлордун ана башчыларынын атын ачык айта аласызбы?

- Эми мен азыр саясатчы кишимин жана Бакиевге оппозицияда жүргөн адаммын. Эртең эле мени күнөөлөшөт. Бирок, биз билебиз, 4-5 борбор бар. Анын экөө мамлекеттик органдарда болсо, үчөө Бакиевдин жанында, жакын адамдарында болуп жатат.
Албетте, Жогорку Кеңештин абдан чоң жоопкерчилиги бар. Мен Жогорку Кеңеш бүгүн идеалдуу иштеп жатат деп айта албайм. Бизде абдан чоң жат көрүнүштөр болуп жатат. Аны биз ачык айтып жатабыз.

- Азыр кризисттен чыгуунун бир жол парламентти таратуу деген ойлор коомчулукта басымдуу. Сиз ошого негиз бар деген ойдосузбу?

-Парламентти таратуу жана жаңы парламенттик шайлоо деген чоң саясий кадам. Парламентти таратуу деген чоң саясий кризис. Мына биз азыр Кеминдеги менен Отуз-Адырдагы эки шайлоо округундагы шайлоону жакшы өткөрө албай жатабыз. Эгерде бүгүн тарап кетсек, эртең 75 же 90 округда шайлоону өткөрө алабызбы? Мен парламентти таратып жиберсек эле баары жакшы болот деп айта албайм. Биз саясий чечим кабыл алышыбыз керек.

- Ал кандай чечимдер болуш керек?

-Биринчиси-Конституциялык реформа. Ошонун тартибин тактап, кабыл алгандан кийин ага баарыбыз макул болушубуз керек. Бардык саясий күчтөр отуруп, кол алышып туруп, бирибиз бирибизге жагабы же жакпайбы ага карабай Конституциянын негизинде иштейли, бири-бирибизге оппозиция бололу, бирок, шайлоонун баары өз мөөнөтүндө өтсүн деген чечимге келиши керек. Бүгүн Бакиев жакпайбы, чыдагын, 2010-жылы октябрдагы шайлоого барып добушуңду бер дешибиз керек.

Экинчиси, биз Кыргызстан боюнча мамлекеттик бийликтин күчүн көрсөтүшүбүз керек. Бирок, ал бийлик мыйзам чегинде болушу зарыл. Бирөөнүн кызыкчылыгын коргогон эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын, элди коргогон күчтүү бийлик болуш керек. Эгерде бийликтин ар бир чечими мыйзамдын чегинде болуп, башкы багыты элдин биримдигин көздөй турган болсо эл аны туура түшүнөт.

-Маегиңиз үчүн рахмат!

Маектешкен Бүбүкан Досалиева

XS
SM
MD
LG