“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов Бириккен фронттун лидери Феликс Куловдун Орусияга биригүү демилгесин четке какты. Анын айтуусунда мындай демилге жалпы саясий коомдун колдоосуна ээ боло албайт:
-Минтип ачык жарыялоо – жоопкерчиликке да, патриоттуулукка да жатпайт. Бул сөзү менен Феликс Кулов кыргыз элинин азыркы мүдөөсү менен тааныштыгы жок экенин билдирди. Анын бул сөзү Куловдун өзүнүн укуктук-демократиялык мамлекет куруу тууралуу айтып келген сөздөрүнө да каршы келип жатат.