Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

ФЕЛИКС КУЛОВ ОРУСИЯ МЕНЕН БИРИГҮҮ ДЕМИЛГЕСИН КӨТӨРҮП ЖАТАТ


Жазгул Жамангулова, Бишкек Бишкекте Бириккен фронт уюштурган экинчи элдик курултай өттү. Элдик жыйындын катышуучулары Кыргызстан менен Орусиянын конфедерация түзүү демилгесин көтөрүп, өлкөнүн тышкы карызын жабууда жогорку бийликтин айкын программасы, так максаты болушу керек, деген билдирүү кабыл алышты. Бирок, бул демилге бир катар саясатчылар арасында дароо катуу сын пикирлерге кабылды.

Бириккен фронттун биринчи элдик жыйыны 5-май күнү Байтик айылында өткөн эле. Анда Алмаз Атамбаев баштаган кыргыз өкмөтүн отставкага кетирип, улуттук макулдашууга негизделген коалициялык өкмөт түзүү керек, деген бир катар талаптарды ичине камтыган кайрылуу кабыл алынган. Бүгүнкү өткөн жыйындын биринчи резолюциясында Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда конфедерация түзүү демилгеси көтөрүлдү. Экинчи резолюцияда болсо өлкөнүн тышкы карызын жарандардын өз ыктыяры менен чогулткан каражатынын эсебинен төлөө демилгесине байланыштуу маселе камтылды. Ал эми Орусия менен абалды чыңдоо бул - бүгүнкү кризистен чыгуунун эң башкы жолу, ал демилгечи топтун көтөргөн идеясы, деп түшүндүрдү Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов:

- Мына ушундай Кризистүү абалдан чыгуу үчүн биз Оруссия менен биригишибиз керек. Бул демилгечи топтун идеясы. Анткени азыр өлкө эки жээкке бөлүнүп турат. Мисалы алсак, тарыхта Кыргызстан Орусия менен 150 жылдан ашык бирдиктүү деңгээлде жашады. Мүмкүн бул аралыкта кандайдыр бир терс жактары болгондур, бирок Кыргызстан аймактык бүтүндүгүн сактап келди да. Мына ушул себептүү Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилени чындоо идеясы көтөрүлдү.

Бирок, жыйынга катышып жаткан эл тарабынан бул билдирүү ар кандай бааланды. Бириккен фронттун бул иш-чарасына баштан аяк көз салып олтурган укук коргоочу Турсунбек Акун, муну бир жактуулук катары баалады.

- Мен муну колдой албайм. Бул бир жактуулук. Биз бир гана Орусия эмес, Казакстан, Кытай жана Америка менен да тыгыз алакада болуубуз керек.

Ал эми оппозиция лидерлеринин бири депутат Өмүрбек Текебаев бул демилге туурасында эч кандай тааныштыгы жок экенин айтуу менен бирге, биз ички жана сырткы саясатта мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшубуз керек деген оюн айтты.

- Күчүбүз жетпей алсыздыгыбызды сезгенде гана буга окшогон демилге менен чыкпастан, тескерисинче келечектүү, көп жылга багытталган сырткы саясаттын чегинде чыгышыбыз керек деп ойлойм. Ошондуктан бүгүн тигил же бул мамлекет менен радикалдуу интегралдашууга барып, бир мамлекетке чейин биригебиз деген эртелик кылат.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов, Бириккен фронттун лидери Феликс Куловдун Орусияга биригүү демилгеси элдин колдоосуна ээ болбойт деген ойдо.

- Менин оюмда бул Ф.Куловдун абдан туура эмес демилгеси, туура эмес кадамы. Анткени, бул куру кыйкырыктын чегинде биздин мамилекетүүлүгүбүзгө шек келтирип атат.

Бириккен фронт уюштурган экинчи жыйындын сонунда эки бөлүктөн турган резолюция кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG