Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:47

АЛМАНИЯДАГЫ БИЙИК ЖОЛУГУШУУ АЛДЫНДАГЫ АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага 6-8-июнда Алманияда эң өнүккөн сегиз мамлекеттин жетекчилеринин бийик жолугушуусу өтөт. Анын алдында Росток шаарында кагылышуулар да чыкты, бирок негизги араздашуулар алдыда.

Дүйнөдөгү эң өнүккөн сегиз мамлекеттин тобуна азыр Алмания жетекчилик кылууда жана анын өкмөт башчысы Ангела Меркел бийик жолугушууда талкуулана турган негизги маселелердин бири - аба ырайынын кескин өзгөрүп баратканы жана абалды өзгөртүү үчүн кандай чаралар көрүлүш керек экени жөнүндө болот деп билдирди. Бирок, жыйында башка да талаштуу маселелер көтөрүлөт, алардын бири - Косово аймагынын макамы менен байланыштуу.

Батыш мамлекеттери Сербиянын бул аймагына чектелүү эгемендүүлүк берүү планын иштеп чыккан жана жакын арада маселе Бириккен Улуттарда колго салынууга тийиш. Бирок, 30-май күнү Алманиянын Потсдам шаарында сегиз мамлекеттин тышкы иштер министрлери жолукканда, орус министри Сергей Лавров ага катуу каршы чыкты жана Маскөө андай чечимге вето сала турганын дагы бир жолу эскертти.

Батыш менен Орусия ортосундагы дагы бир тирешүү - Чыгыш Европада АКШ ракетадан коргонуу системасын орнотууну көздөп жатканы менен байланыштуу чыгууда жана күн өткөн сайын ал улам күчөп баратат. Президент Владимир Путиндин айтымында, бул система Орусияга каршы багытталган: "Эгер бул ракетадан коргонуу жаңы системасы Европада орнотулса, анда биз силерди бүгүн эскертиш керекпиз - биз ага жооп беребиз. Биз өз коопсуздугубузду камсыз кылууга тийишпиз жана бул ишти биз баштаган жокпуз", - дейт Путин.

АКШ президенти Жорж Буш болсо 30-май күнү Путинге кайрылып, аны Америкага июлда келип кетүүгө чакырды. Эки жетекчи Мэн штатындагы Буштун менчик үйүндө жолугуп, бардык маселелерди талкуулаш керек. Бирок, андай чакыруу жасалгандан кийин дагы Путин өз катуу сөздөрүн токтотпой жатат. Буш болсо саммит алдында Чехияга келип, жыйындан кийин Польшага барууну пландап жатат. Жаңы коргонуу системалары дал ушул эки мамлекетте орнотулууга тийиш.

Аба ырайынын өзгөрүүсү жөнүндө дагы АКШ президенти жакында жаңы сунуш жасады жана Киото протокулунун күчү 2012 жылы бүткөндөн кийин жаңы кадамдар көрүлөөрү тууралуу билдирди. АКШ мурда бул протоколго кол койгон, бирок кийин келишимден чыгып кеткен. Европа Биримдиги болсо аба ырайынын ысышын токтотуу үчүн атмосферага чыккан калдык газдардын көлөмүн 2020-жылга чейин 20 пайызга кыскартууну сунуш кылууда жана ал тууралуу саммитте атайын чечим кабыл алынаары күтүлүүдө.

Бийик жолугушуу Алманиянын Росток шаарынын алдындагы Хайлигендамм деген курортто өтүүгө тийиш, анын алдында Ростокто - капиталисттик тартиптерге каршы чыккандар митинг-демонстрация өткөргөндүктөн, дем алыш күндөрү полиция менен кагылышуулар болду. Росток шаарынын полиция өкүлү Ахим Риддердин айтымында, 433 полициячы жараат алды, алардын отуздайынын абалы оор. Бардыгы болуп 125 адам кармалды, алардын элүүдөн ашыгы кийин бошотулду.

XS
SM
MD
LG