Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

ПОЛ ТЕРУ: ТҮРКМӨНСТАНДА БАЙЛЫК КӨП, ЖЕТЕКЧИЛИК НАЧАР


Америкалык белгилүү жазуучу Пол Теру өмүрүнүн көбүн Африкада өткөрүп, өз чыгармалары аркылуу Кара континентти дүйнөгө таанытып келет. Былтыр ал Түркмөнстанда болуп, өз саякаты тууралуу 28-майда атактуу "Нью-Йоркер" журналында көлөмдүү макала жарыялады. Түркмөнбашы Сапармурад Ниязов декабрда кайтыш болгонго чейин Түкрмөнстанга барган жазуучу Азаттыктын түркмөн кызматынын суроолоруна жооп берген эле, анда ошол маектин Жаңыл Жусубжан даярдаган котормосун сунуш этебиз.

Азаттык:- Сиз өз макалаңызда "Азаттыктын" түркмөн кызматынын былтыр сентябрда түркмөн түрмөсүндө каза тапкан кабарчысы Огулсапар Мурадова тууралуу жазган экенсиз. Сиз ал жөнүндө Түркмөнстанда жүргөндө уга алдыңызбы? Же эл аралык маалымат каражаттарынан гана билдиңизби?

Пол Теру: – Мурадованын атын Түркмөнстанда бир нече жолу кулагым чалды. Бирок, Кошмо Штаттарына кайтып келгенге чейин ал тууралуу эч нерсе биле алган жокмун. Ал таң калыштуу жагдайда көз жумган. Киши колдуу болдубу, кароосуз калтырышканбы же кыйноодон көз жумдубу, муну билиш мүмкүн эмес, анткени маалымат өтө таңсык. Бирок ага өтө зөөкүр мамиле кылганын элестетүү кыйын эмес. Сопсоо туруп эле, өлүп калып жатпайбы. Саламаттыгы деле жаман эмес экен. Бул тууралуу кабар сыртан келди, Түркмөнстандын өзүндө эч кандай маалымат ала алган жокмун.

Азаттык:- Сиз Ашхабадга барганда, түркмөнбашынын алтын жалатылган эстелигине айран таң калган экенсиз. Түркмөнбашы өзүн жазуучу деп жарыялаган, анын "Рухнамеси" мектептерде милдеттүү окутулган эң маанилүү китеп. Чет элдик бизнесмендер анын китебин которуп жүрүшөт. Буга кандай карайсыз? Жеке адамга сыйынуунун мынчалык гүлдөп-өсүшүнө ким күнөөлүү?

Пол Теру:– Жакшы суроо. Ал өлкөнүн башчысы болгон. Мындай адамдын бийликте турушунда көп адамдардын жоопкерчилиги бар. Аны менен бизнес кылган ар бир адамдын жоопкерчилиги бар.
Рухнамени окугам, дөөдүр китеп. Эгер мага окшогон жазуучу окуса, дөөперестин жазганы экенин түшүнөт. Тарыхты ката жазган, орунсуз көз караштар келтирилет, автобиографиясында да так эместиктер бар. Өзүн гана даңазалаган. Ал өзүн баатыр деп, түркмөн элинин баатыры деп сезген. Анын китебин өз тилине которгон бизнесмендер тууралуу уккам, бирок котормосун көргөн эмесмин.

Азаттык:- Мисалы Чех жумуриятында бир бизнесмен "Рухнамени" чех тилине которгон экен. Биз Прагадан китеп дүкөндөрдөн ал китепти көргөн жокпуз. Кейпи, Түркмөнбашыга белекке бериш үчүн гана которгон окшойт.

Пол Теру:– Бул орунсуз эле иш, туурабы. Ниязовго ыксыз кошоматтануу. Анын китебин которуу менен, ишкер аны бийликте сактап кала алмак эмес, бирок Түркмөнбашы менен иштешкендер анын бийликте калышына жардам берип жатышат. Алар газ сатып алуудан же жабдык сатуудан баш тартышы мүмкүн эле, же жаратылыш газын ташыган куурду куруудан баш тартышы мүмкүн болчу.

Мени бир чети таң калтырганы, Түркмөнстанда түркмөн эли жаратылыш газын өндүрүүнүн техникалык жагына дээрлик аралашпайт экен. Бул жаатта иштегендердин дээрлик бардыгы Корея, Малайзия, Филипин өңдөнгөн өлкөлөрдөн, Англиядан, Улуу Британиядан да бар. Башкача айтканда, бул режимди колдоп жаткандар, мына ушул эң маанилүү иште иштегендер. Эгер газ тармагында иштөөгө эмбарго болгондо, бийлик ара жолдо калмак.

Бирок, Түркмөнбашынын бийликте кала беришинин жоопкерчилиги түркмөн элинин өзүндө. Башка бир өлкөдөн бирөө жардамга келмек беле. Андай болондо, Жер шарында бийликтен четтете турган адамдар көп.

Азаттык:- Түркмөнстан тууралуу Батыш эмнени билиш керек деп ойлойсуз?

Пол Теру:- Эң биринчи, Батыш Түркмөнстан деген мамлекет бар экендигин билиши керек. Көп кишилер мындай өлкө бар экенин уккан да эмес. Алар Түркиянын кайда экенин билиши мүмкүн, бирок Түркмөнстан тууралуу түшүнүктөрү жок. Анткени караманча кабары жок.

Менин Түркмөнстан тууралуу макалам "Нью-Йоркер" журналында басылганга чейин "Түркмөнстан деген эмне?!" деп сурашчу, мен отуруп алып, картадан көрсөтүп берчүмүн.

Түркмөнстан тууралуу эмнени айтууга болот? Бул чоң өлкө, бай болууга потенциалы бар, эли меймандос. 90 пайызы мусулман, бирок Американын стереотиптешкен түшүнүгүндөгү мусулмандар эмес, өтө назик, акырын сүйлөгөн, өтө сабырду, бир бирин сыйлаган меймандос эл. Даамду тамак-ашы бар. Климаты катаал, бирок катаал шартта жашаганга үйрөнүшкөн. Айтор баары кызыктуу.

Ал эми америкалыктар дүйнөлүк географияга келгенде өтө сабатсыз экени маалым. Мен 45 жылдан бери саякаттап жүрөм. 45 жылдан бери ар кыл жерлер тууралуу жазып келем. Адатта мен эл билбеген жерлер тууралуу жазам. Эл билбеген жерлер бир эле Түркмөнстан эмес. Америкалыктар дүйнө кандай экенин билишпейт. Түркмөнстан - бөлөкчө жер, өзү да, тили да өзөчөлүү. Бай маданияты, көөнө тарыхы бар. Бирок мунун баарын бир киши жеке менчиктеп алган.

Мына ушулардын жазганымда, макаламды миллиондогон киши окуйт. Албетте мунун пайдасы тийет. Мен Түркмөнстанды ачып жаткан жокмун, бирок башкаларда кызыгуу жаралат. Советтер Союздун тушунда Түркмөнстан унутулган республика болгон. Бирок бүгүн бул өлкөгө барыш кыйын, виза алыш өтө татаал. Мага нечен жолу аткез беришти. Эми мени эч качан кайра киргизишпейт деп ойлойм.

Азаттык:- Ооба, Америкада эл Түркмөнстанды көп биле бербейт.

Пол Теру:– Америка дүйнөнүн чок ортосу, кеминде биз, америкалыктар, ушинтип ойлойбуз. Ошондуктан көпчүлүктүн көп нерсе менен иши жок. Бирок кандай болгондо да, менин жазуучу катары элге аркы-теркинин түшүнүүгө жардам берүү вазийпам бар. Мен Кошмо Штаттарында окуган түркмөн жарандарынын пикирине өтө кызыктым. Алар биринчи кезекте ата-энеси, бир-туугандары жөнүндө сүйлөшөт. Түркмөнстанда үй-бүлөнүн мааниси зор - бир туугандар, ата-бала бир бирин сыйлап турат. Ал эми Америкада, Европада үй-бүлөнүн анчейин мааниси жок.

Азаттык:- Түркмөнстанда ар кыл кесиптин ээлери, жазуучу, журналисттер, студенттер менен жолугуша алдыңызбы?

Пол Теру:– Ооба, мисалы дыйкандарга караганда, жазуучулар менен студенттерди көбүрөөк кездештирдим. Дыйкандар, жылкычылар менен да жолуккум келди, бирок убакыт тар болду. Ошол эле убакта, көп студенттерге, өтө акылдуу студенттерге жолуктум. Бирок мен алардын ушунча көп маалыматтан кур калып жатканына кабыргам кайышты. Бул да болсо Ниязовдун мурасы. Ал элди сырткы дүйнөдөн бөлүп салган. Маалыматтын агымын бөгөп койгон. Бул жаатта Азаттыктын түркмөн кызматы боштукту толтурууга көмөктөш болуп жатат.

Азаттык:- Түркмөнстан 10 жылдан кийин кандай өлкө болот деп ойлойсуз?

Пол Теру:- Бул оор суроо, өтө оор суроо. Бирок мен баары жетекчиликке жараша болот деп айтаар элем. Кошмо Штаттары, Чех Жумурияты, Германия, Англия, Индия тууралуу сурасаңыз да, мен баары жетекчиликке жараша болот деп айтмакмын. Эгер Түркмөнстанда акыйкат башкаруу болгондо, өлкөнүн байлыгын эске алганда, жолдорду оңдош, турак-жай куруш, оорукана ачыш оңой болмок. Анткени өлкөнүн байлыгы көп.

Ниязов бул байлыкты бүт өзүнө алып, өзүнө сарптап келген. Азыр да акча агып келип жатат. Бул агым түгөнбөйт, анткени Түркмөнстандын дээрлик түгөнгүс жаратылыш газы бар. Элди ойлогон жоопкерчиликтүү жетекчи болгондо, билим берүү, саламаттык тармагы гүлдөмөк.

Мен барган өлкөлөрдүн көбүндө жетекчилик жармач. Көпчүлүк мамлекеттерде өкмөттөрү элге кызмат кылбайт. Ал тургай Американын өкмөтү Иракта 500 миллиард доллар сарптады – 500 миллиард доллар! Ал эми мен жашаган шаарчада китепкана каражатка муктаж, жолдорду оңдош керек. Бирок биз Иракта 500 миллиард сарптап жатабыз. Бул Америка элине кызмат кылууга жатпайт.

Бирок, башка да мисалдар бар. Бирманы, Лаосту мисалга алсак болот. Кытайда өкмөттү эл тандаган эмес. Ошондуктан, ал өз билгенин кылат. Суданды айтсак болот. Айтып отурса сөз көп. Эң мыктыларында да жетекчиликтен ката кетет. Түркмөнстанда да бийлик өтө начар. Бирок Түркмөнстан өзгөчө жер эмес. Көп өлкөлөрдө акылга сыйбаган нерселер болуп турат. Мисалы, тирүү адамдын атын аэропортко, же дайрага берүү - эң бир чоң катачылык. Ниязов ушуга жол берген. Бирок бул Америкада да бар. Мен жакында Техастагы Хьюстон шаарында болдум. Хьюстондогу аэропортко АКШнын учурдагы президенти Жорж Буштун атасынын аты берилген. Бул Ниязовдун кылыгына окшош. Ниязовдун кемчиликтери көп болгон. Бул өзүнчө тенденция. Аны сындагандар Жорж Буш атындагы аэропорт сыяктуу жерлер да бар экенин билишет. Же АКШнын мурдагы президент Роналд Рейганды алсак, Рейган атында аэропорт, Рейган атындагы китепкана жана башка жерлер бар. Мен буга каршымын. Муну жеке адамга кулдук уруучулук деп аташ керек. Көчөгө же аэропортко тирүү саясатчылардын эмес, көзү өткөн адамдардын, даанышман жазуучу, ойчул, окумуштуулардын атын бериш керек.

XS
SM
MD
LG