Копал уезддик начальнигинин жардамчысы капитан Вирский 1905-жылдын бу күнү, Пишпек уездинен келген кыргыздардын арызы боюнча уезд начальнигине рапорт жолдоду. Анда кыргыздар менен казактардын министрлер Комитетинин төрагасына жазган петициясы туурасында сөз жүрөт. Бу жылы кыргыздар менен казактар биргелешип, айтылган тармактар боюнча алардын укуктары басмырланып жаткандыгына кабатырланып петиция кабыл алышкан. Уезддик начальник жардамчысынын рапортунда алардын петициясы Шабдан Жантаевге аркылуу падышалык бийликкке жеткириле тургандыгы белгиленет.
Убагында Синьцзянга качкан ак гвардиячыл казак-орустар 1918-жылдын бу күнү Пржевальск жана Жаркен уездерине каптап киришти. Буга чейин жергиликтүү бийлик тарабынан улуттук саясат, дин иштери жана тамак-аш маселесин чечүүдө каталык кетирилип, ал большевиктердин саясатына залакасын тийгизген жана ал контрреволюциячыл күчтөргө көмөк көрсөткөн. Клецко баштаган кызыл аскерлер отряды аларга каршы коюлуп, анда кызмат өтөгөн М. Сүйүнбаевге окшогон кыргыз жоокерлери душманга каршы күрөшүүдө каармандык көрсөткөн.
Кыргыз улуттук агартуу комитетине караштуу Академиялык борбор 1928-жылы Ленинград чыгыштаануу институтунун кызматчысы Константин Юдахин менен ошол эле институттун студенти Кусеин Карасаевге кыргызча-орусча сөздүктү түзүү тапшырмасын жүктөгөн. Башында аларга сөздүктү түзүү үчүн бир жыл мөөнөт берилген. Бирок жаш изилдөөчүлөрдүн изденүүсү он жылдарга уланып, акыры алардын эмгек үзүрүнүн акыбети фундаменталдык эмгек менен жыйынтыкталган.
Кыргыз АССРинин чөлкөмтаануу боюнча мамлекеттик музейдин жетекчиси С. М. Абрамзон маалымдоо каражаты аркылуу 1928-жылы Фрунзе шаардык кеңешине акарат айтты. Макалада шаардык бийликтин борбордо орун алган «жападан жалгыз тарыхый эстелик эсептелген-кокон хандыгынын чебин» коргой албагандыгына күнө коюлат.
5-июнь айлана чөйрөнү коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнү. Жаратылыш камын жеп аны коргоо саамалыгы 1973-жылы көтөрүлүп, андан бери бу күн «Жер жүзүндөгү жашоо үчүн!» деген чакырык менен белгиленип келет.
Бу күнү, 1599-жылы испан живописчиси Диего Веласкес, 1799-жылы теңдешсиз акын А.С.Пушкин, 1942-жылы акын Курбаналы Сабыров жарык дүйнөгө келген.