Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

ПРАГАДА ДЕМОКРАТИЯ ЖАНА КООПСУЗДУК ЖЫЙЫНЫ АЯКТАДЫ


Прагада демократия жана коопсуздук маселелерине арналган эл аралык эки күндүк жыйын соңуна чыкты. Анын катышуучулары корутунду документ кабыл алышты жана дүйнө коомчулугун авторитардык өлкөлөрдөгү демократиялык маанайдагы күчтөрдү колдоого чакырышты.

Корутунду “Прага документине” Чехиянын экс-президенти Вацлав Гавел, Испаниянын мурдагы премьер-министри Хосе Мария Аснар жана бир кездеги совет диссиденти, израилдик саясатчы Натан Щаранский кол коюшту. Документте авторитардык режимдерге дипломатиялык,экономикалык жана саясий кысым көрсөтүү аркылуу аларды адам укуктарын урматтоого,демократиялык реформаларды өткөрүүгө мажбурлоо зарылдыгы айтылат. Мындан тышкары форумдун катышуучулары бүт дүйндөгү саясий айыпкерлерди токтоосуз бошотууга чакырышты.

Форумга демилгечи болгондордун бири,Чехиянын экс-президенти Вацлав Гавел азыркы дүйнөдө зобун-зомбулукка сак болуу керектигин эскертти. Эгер кол салуу же коргонуу үчүн эч кандай курал зарыл болбосо, өтө жакшы болмок, деп айтты Гавел. Бирок адамзат азыр андай дүйнөгө жете элек.

Шейшемби күнү конференцияда АКШ президенти Жорж Буш да сөз сүйлөгөн эле. Адам укуктарынын сакталышын эл аралык коопсуздуктун башкы шарты деп атап, Буш демократиялык долбоорлорду каржылоону АКШ эки эсе көбөйткөнүн, Жакынкы Чыгышта жарандык коом демилгелерине колдоо көрсөтүп, Украина, Грузия жана Кыргызстан өңдүү демократиялык жаңы өлкөлөр менен тыгыз кызматташ болуп жатканын маалымдады. Ошону менен бирге Буш бир катар өлкөлөрдү, алардын ичинде Россия менен Кытайды сынга алды. “Россияда демократиялык өнүгүү шарты начарлагандыктан карапайым жарандардын турмушун жакшыртууга багытталган реформалар токтоп калды”,- деп айтты ал. Ал эми Кытай лидерлери,Буштун айтымында, саясий системаны өзгөртпөй туруп эле экономикалык реформаларды жүргүзө беребиз деп ишенет.

Буштун жыйындагы сөзүн комментариялап, белгилүү шахматчы Гарри Каспаров демократия тууралуу сөздөрдү көп айтканы менен Россияга келгенде Буш баары бир абайланып жатканын белгилеп, болгону бул жолку сөзү мурдагыдан биртке катаңыраак абазда чыккандай болгонун да моюнга алды. “Биз өзүбүз үчүн эч кандай деле жардам сурабайбыз, - деп айтты Каспаров. - Болгону Путинге тымызын колдоо көрсөтүүнү токтотушса деп гана каалайбыз”.

Эки күндүк форумга Белоруссиядан,Сириядан,Кытайдан жана Кубадан,арап дүйнөсүнөн келген демократиялык маанайдагы саясатчылар,оппозиционерлер менен укук коргоочу активисттер,илимпоздор, мурдагы жана азыркы таанымал диссиденттер катышты.

XS
SM
MD
LG