Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:41

КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯЛЫК ӨЛКӨЛӨРДҮН КАТАРЫНА КИРЕБИ?


АКШ президенти Жорж Буш Кыргызстанды жаңы демократиялык өлкөлөрдүн катарында көрөт. Ал бул тууралуу кечээтен тарта Прагада демократия менен коопсуздук маселелерине арналып өтүп жаткан конференцияда айтып кетти. Жорж Буштун бул сөзү кыргызстандык коомчулуктун да түрдүү пикирин жаратууда.

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде башка коңшуларына салыштырмалуу демократиялык өлкө болуп саналарына жергиликтүү саясатчылар жана жарандык коом өкүлдөрү да кошулушат. Анткени Кыргызстанда демократиянын жараяндары жүрүп жатат, эң ириде эл бийликтин чечимдерине жана саясатына таасир көрсөтө алат деп белгилешет алар. Мындай пикир ээлеринин бири, оппозициячыл “Реформа үчүн” кыймылынын жетекчилеринин бири Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда тартип жок, бирок демократиянын жараяндары бар дейт:

-Бүгүнкү күнү Кыргызстандагы тартип бизди канааттандырбайт. Бирок ошого карабастан мен Кыргызстандагы өтүп жаткан жараяндарды демократиялык процесстердин катарына кошор элем. Акыркы саясий окуялар көрсөткөндөй, массалык чыгуулар, митингдер бийликтин саясатына таасирин көрсөтүп атпайбы. Демократиянын жакшы деңгээлинде болбосо да, Кыргызстанда демократиялык режим бар,-дейт Өмүрбек Текебаев.

Апрель митингдеринин кууп таркатылышы менен оппозиция жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү Кыргызстанда демократия күчүн жоготуп бараткандыгын белгилеп келе жаткан. Ошентсе да АКШ президентинин Кыргызстанды демократиялык өлкөлөрдүн катарына кошуп чоң жыйында белгилеп кеткени жергиликтүү жарандык коом өкүлдөрүнүн ыраазылыгын жаратты. “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн жетекчилеринин мындай белгилөөсүнө жетишүүдө өлкөдөгү укук коргоочулар менен басма сөздүн эмгеги чоң деп баалады.

Жетимиш жылдан ашуун коммунисттик режимде жашаган Кыргызстандын эгемендүүлүгүн эң алгач Америка таанып, биринчилерден болуп өз элчилигин ачкан. Ошондон тарта Кыргызстанда демократиянын, жарандык коомдун калыптануусуна АКШ эбегейсиз салымын кошту деген пикирин “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев төмөнкүчө билдирди:

-Мисалы ЮСАИД, “Сорoс фонду”, “Азаттык” үналгысы аркылуу жана элчиликтин алдында демократиялык комиссия деген бар, ошолор аркылуу Америка Кыргызстанда демократиянын калыптануусунда опол тоодой иш кылды жана кылып жатат. Эми мындан ары Кыргызстандын экономикасын өөрчүтүүгө жана алдыга жылдыруу үчүн өз салымын кошкону жатат.

Топчубек Тургуналиев ушул тапта да Кыргызстанда демократиянын өнүгүп-өөрчүү жараяны жүрүп жатат деп кошумчалады.

Кыргыз эли насили демократ эл. Эзелтеден ханын шайлап, аялдары эркектер менен тең укукта болуп келген. Ошондуктан, АКШ президентинин Кыргызстанга демократияны орнотууга жардам бердик дегени туура эмес деген пикирлер да бар. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова Кыргызстан – башкалардан үйрөнө турган эмес, башкаларга үйрөтө турган демократиялык баалуулуктары бар өлкө деп эсептейт:

-Бизге демократиялуулукту Америка үйрөткөн жок. Кыргыз элинин эскиден келе жаткан демократиябыз бар. Биздин башкалардан үйрөнө турган эмес, башкаларга үйрөтө турган демократиялык баалуулуктарыбыз бар. Биз мына ошону баалап, кармап кала албай жатабыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG