Бул тууралу “Эркиндик” саясий партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында басылманын биринчи санында “Эркиндик” партиясы атынан түзүлгөн Башмыйзамдын долбоору жарыяланган. Жаңы гезит сегиз беттен туруп, нускасы беш миң. Басылма жумасынан бир жолу чыгып, анын баштапкы баасы беш сом болмокчу. (ElenK)