Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

АКШнын РАКЕТАГА КАРШЫ КОМПЛЕКСИНЕ КАРАТА ОРУСИЯЛЫКТАР КАНДАЙ ОЙДО?


АКШ жакын аралыкта өзүнүн ракетадан коргонуу комплесин Польшада жана Чехияда орнотууну көздөп турат. Вашингтондун айтымында, бул комплекс Европаны Ирандын жана Түндүк Кореядан коргоо үчүн жасалууда. Бирок Россиянын президенти Владимир Путин муну орус мамлекетине каршы багытталган деп эсептеп, ага каршы экенин билдирип келет. Мындай абалда жөнөкөй орусиялыктар ракетага каршы бул комлпекс тууралуу кандай пикирде?

Сергей Немоляев - 35 жаштагы ишкер - АКШнын ракетага каршы комплекси Европага жайгаштырылып жатышы чын эле Европаны коргоо үчүн жасалып жатканына ишене бербейт.

- Мен буга каршымын, себеби АКШнын аракеттери максатка ылайык эместигин көрүп жатам. АКШнын Чехияда жана Польшада ракеталардан коргонуу системасын орнотуу максаты эмнеге каршы багыттылган? Бул жагдайды мен Россиядан коргонуунун белгиси катары гана көрөм. Бирок Россия Европага жана АКШга эч кандай коркунуч келтирбейт,-дейт Сергей Немоляев.

Ал эми 47 жаштагы Анна Кравченконун ишениминде, мындан Чехия менен Польшанын жарандары өздөрү көбүрөөк жапа тартышат.

- Мен АКШнын буга окшогон аракеттерине каршымын. Эмне үчүн бул өлкө өзүнүн системасын Россияга жакын мамлекеттерде орнотот? Анан калса, мунун айынан жаңжал тутанып кетсе, эң оболу, Польша менен Чехиянын жарандары азап тартышат. Россия деле жооп катары америкалыктарга жакыныраак жерде, мисалы, Кубада ушуга окшогон комплексти орнотуп койсо болот..

Ал эми мамлекеттик органдардын биринде иштеген Людмила Воронцованын ою төмөндөгүдөй:

- Эмне үчүн Европаны сөзсүз АКШ коргошу керек? Европа өзүн-өзү деле коргой алат..

Жергиликтүү аскерий аналитик Павел Фельгенгауэрдин ишениминде, мунун баары орусиялыктар чындап эле ал комплекс тууралуу жетиштүү маалымат билет дегенди билдирбейт. Муну орус аналитиги «мамлекеттик пропаганданын гана ийгилиги» катары сыпаттады.

- Орусиялыктар ракетага каршы коргонуу системасында, чындап айтканда, эч нерсе деле түшүнүшпөйт. Аларга сыналгыдан эмнени айтышса, жаш баладай ошого ишенип алышат. Чынында, биздин бир топ расмий адамдар менен аскерий жетекчиликтин өкүлдөрү буга чейин бул система Россияга эч кандай коркунуч келтирбей турганын айтышкан. Бирок биздин «пропагандалык машинебиз» коомго: «Мынакей, бизди ракеталар каптап калышты. Жакында алар бизге кол салышат, балакет болот», - деп элдин үшүн алган. Мунун баары – пропаганда, - деди Павел Фельгенгауэр.

Чолпон АРКАБАЕВА, Москва

XS
SM
MD
LG