«Биз өкмөттү жек көрөбүз!» деген кыйкырыктар 11-июнда Маскөөнүн борборунда жаңырды. Ал жерде «Маакул эместер» жаатташтарынан - бийлик уруксат берген беш жүзгө чукул эмес, миңдей киши чогулуп, митинг өткөрүштү. РИА «Новости» жазганга караганда анча кишини кайтаруу үчүн 2100 милиция катышкан.
«Башка Орусия» жетектеп өткөргөн мурдагы нааразылыктар 16-декабрда жана 14-апрелде Маскөөдө, 3-мартта жана 15-апрелде Питерде бийлик тараптан катуу теске салынып, оппозицияны ондоп-жүздөп камоо болгон. Нижний Новгороддо, Воронеж, Самарада өткөн жүрүш менен митингдер да кысымга алынган.
Ал эми путиндик бийликке каршы чыккандар болсо: «биз баш мыйзамда жазылган укугубузду талашып атабыз» дешүүдө.
4-июнда «Сегиздик тобуна» мүчө мамлекеттер журналисттери менен баарлашуу маалында «Уолл-Стрит Жорнал» кабарчысынын эмне үчүн «маакул эместер» жүрүшүнө бийлик мынча катуу чычалайт? – деген суроосуна Владимир Путин: «Нааразы болгондор мага десе эртеден түнүчүнгө дейре көчөдө тура берсин. Нааразылыгын ураан катары жазабы, оозеки айтабы кандай кааласа ошондой билдирсин, бирок, кимиси болбосун мыйзамдын чегинен чыкпасын»,- деген эле.
Ишембиде Питерде өткөн «Башка Орусия» жүрүшүндө милиция актыга катышкандарды уруп-сабап, кармаган эмес. Бирок, ара жолдон кармоо болгон. Маселен, кызыл жаштар башчысы Сергей Удальцовду ал күнү Питерге бараткан жеринен жана кечээ митингге бараткан жолдо милиция кызматкерлери кармап, бир нече сааттан соң кое беришкен.
Бириккен атуулдар фронтунун лидери Гарри Каспаровду да ИИМдин бир тармагы болгон, Уюшулган кылмыштуулук башкармасынын кызматкерлери кармап, кайра кое берген.
«Башка Орусия» коалиция өкүлү билдиргенге караганда Маскөөдөгү митингге катышканы келе жаткан Рязандан бир, Кировдон бир, Нижний Новгороддон алты кишини бийлик ара жолдон кармап, поездден түшүрүп калган. Митингге келгендер көтөргөн ураандар арасында: «Чекисттердин бийлиги жоголсун!», «Путинсиз - Орусия!», «Биздин күрөш уланат!» деген чакырыктар болгон.
Гарри Каспаровдун ал жерде: «ар бир жолу митингге баратып коркунучту башыбыздан өткөрөбүз, бирок митингге катышуу менен биз башкаларга өрнөк көргөзүп атабыз, эмне дегенде катарыбыз азыркыдан артышы керек. Катарыбыз артканда - биз жеңебиз!» деген.
«Биз жеңебиз эмне дегенде - бизге башка Орусия керек!»