Сербиянын премьер-министри Воислав Коштуница Косовонун көз карандысыздыгын бир жактуу колдоого алып,Вашингтон жаңылыштык кетирип жатканын эскертти. АКШга ал албандарга жан тартканын серб жерин тартуулоо менен эмес, башкача ыкмада далилдеп көрсөтүүнү сунуш кылды. Буштун сөздөрүн комментариялап,Сербиянын тышкы иштер министри Вук Йеремич эгер ушу азыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Косово боюнча резолюцияны карай турган болсо, жетиштүү колдоо алалбай турганын айтып, бу чечимди эртелеп кабыл алууга кызыккан өлкөлөр анын кийинки тагдырынан чочулагандан улам шашкалактап жатат деген пикирин билдирди. Серб министри түзүлгөн абалдан чыгуунун бирден-бир жолу деп сүйлөшүүлөрдү улантууну атады.
Ал эми Косовонун премьер-министри Ажим Секу президент Буш таасын-так позициясын айтты, атүгүл кайсы бир мааниде Косовонун эгемендигин жарыялады деп билдирди. Косоварлардын президенти Фатмир Сеждиу болсо өткөн жекшембини Косово менен Албания үчүн тарыхый күн болду деп ырастады. Косовонун демократиялык партиясынын лидери Хашим Тачинин айтымында, президент Буш ишти создуктура берүүнүн эми кажети калбаганын, Косово көз карандысыз боло турган маал келгенин ачык билдирди. Улуттар Уюму Буштун сөзүнө кулак төшөп, Косового эгемендик берүү тууралуу резолюцияны колдон келишинче эртерээк кабыл алышы керек, деп айтты ал.
Россия Косовонун көз карандысыздыгына каршы экенин,мындай чечим Трансднестр, Түштүк Осетия, Абхазия жана Тоолуу Карабах сыяктуу аймактарга да өнөгө болуп берерин орус президенти Владимир Путин жакындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууларда кайрадан эскерткен эле. Чечен сепаратисттеринин өкүлү Ахмед Закаев буга байланыштуу Косовонун статусу чечилер замат муну Путин өз максатына пайдаланарын билдирди. Аталган республикаларды Молдоводон жана Грузиядан бөлүп, мыйзамдуу негизде аннексиялап алуу үчүн Косовонун өнөгөсү керектигин Путин жакшы түшүнөт жана ал ушундай мүмкүндүктү алат, дейт Закаев.
Бакулук саясий илимпоз Вефа Гулизаде Карабахты армяндар орустар менен биргелешип басып алган, ошондуктан Карабах менен Косовонун эч кандай окшоштугу жок, Путин бу аргументти америкалыктардын Косоводогу аракетине каршы пайдалангысы келет,бирок ал жаңылышат деп эсептейт.
Армениянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү президент Буштун сөзүн комментариялагандан баш тартты. Молдовонун жана сепаратистчил Трансднестрдин өкүлдөрү да буга азырынча өз мамилесин билдиришкен жок.