Кабаланын тургундары бул бекетти "ажыдаар" деп аташат. Себеби, ал 1985-те иштей баштаганда, күңгүрөнүп, гүүлдөп, калдырап турчу экен.
Түндүк Азербйажандын шиберлүү түздүгүндө бул радар көзгө коомай учурайт, бирок, эл көнүп калган. Айланасында кой-эчки бейкапар оттоп жүрөт. Мажрүм талдын көлөкөсүндөгү кафелерде элеттиктер жай-баракат чай ууртап отурушат.
Алардын көбү мындан миңдеген чакырым Германияда АКШ менен Орусиянын президенттери Кабаланын "ажыдаарын" сөз кылганын билишпейт деле.
Путин менен Буштун сүйлөшүүсүнөн кийин көпчүлүктүн көңүлү Азербайжанга бурулууда, бирок жергиликтүү калкты өлкөнүн дүйнөдөгү кадыр-баркыанан да саламаттык жана коопсуздук маселеси көбүрөөк кабатыр кылат. Көбү радар жергиликтүү калктын саламаттыгына жана жаратылышка тийгизип жаткан залалын сөз кылышат:
- Радардан улам дарактар куурап калды. Майып болуп көп бала төрөлдү. Ал тургай малга да кесепети тийип атат. Радар маселесин биздин өлкөнүн жетекчилери чечсин. Ошончо эле керек болсо, биз өзүбүз колдонолу. Биздин өлкөнүн экономикасы күчтүү, өзүбүз сатып алып, өзүбүз колдонолу.
1991-жылы Азербайжандын өкмөтү түзгөн комиссия радар калктын саламаттыгына жана жаратылышка зыян келтирет деген которутунду чыгарган. Ал кезде бул тыянакты жаңы эгемендик алган Азербайжандын Маскөөнү сындоо аракети деп бааланган.
Радардын кесепети тууралуу көз карандысыздык изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Айтор, Кабаланын бул тургуну радардан зыян жок деп эсептейт:
- Мен станциядан 500 метр жерде жашайм. Эч жаман жагын көргөн жокмун. Өткөн жылдары дарактар кургап калганы чын, бирок кийинки жылдары андай залал келген жок. Өзүңөр көрүп турасыңар, тээ өйдө жакта станциянын айланасында мал оттоп жүрөт. Билбейм, бизге зыяны жок.
Радарда курулуш иштери 1976-жылы башталып, 85те ишке киргизилген. Мурда Дарял аналитикалык маалымат борбору деп аталчу. Азыр Орусиянын эрте эскертүү системасынын бири катары Азия менен Африкадан атылган баллистикалык ракеталарга байкоо жүрүзөт. Орусиянын мындай радарлары Беларуста, Грузияда жана Арменияда да бар.
Кабалада Федералдык Космос күчтөрүнүн 900 чакты аскери иштейт. Алар бекеттен алыс эмес жердеги барактарда жашашат.
Жергиликтүү тургундарын арасында радарды америкалыктар колдонсо, жумуш орундары пайда болот деп үмүттөнгөндөр да бар экен:
– Айрымдар ушул станцияда иштешет, айлыктары жакшы. Бирок, эгер америкалыктар келсе, алар андан да жакшы айлык төлөп бериши мүмкүн. Бизге дагы кошумча жумуш бериштери ыктымал. Америкалыктар станция үчүн компенcация төлөсө, андан бетер сонун болот эле.
Ажыдаардын жанында жашоонун ыңгайсыздыгы үчүн компенсация алуу тууралуу сөз кылгандарды көп угууга болот. Советтер Союзу кыйрагандан кийин орустар 2002-жылга чейин базаны бекер колдонуп келишкен, ошол жылы 10 жылдык келишим түзүлгөн. Анда Орусия радар бекети үчүн Азербайжанга жылыга 7 миллион доллар төлөйт деп айтылат. Кремль ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейинки жылдардын ижарасы үчүн да компенсация төлөшү керек.
Бирок, Азербайжанда коррупция терең тамыр жайгандыгын эске алганда, бул компенсация Кабаланын жашоочуларына тийеби жокпу, бул өзүнчө сөз кыла турган маселе.