Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда Сербиянын премьер-министри Воислав Коштуница менен жолугуп, орус президенти Владимир Путин Москванын позициясын дагы бир жолу бышыктады. Анын сөзүнө демденген Коштуница АКШ президенти Жорж Буштун Тиранада жана Софияда жасаган билдирүүсүнө жооп кылып, кокус Вашингтон провинцияны албандарга “алып берчү” болсо, америкалыктарды сербдер “эч качан кечирбей турганын” эскертти.
Москвадагы Heritage (Мурас) фондусунун директору Евгений Волк Россиянын Сербияны көжөлө колдоп жатканынан стратегиялык кызыкчылыкты көрөт. Максат – Россиянын Балкандагы таасирин сактап калууда турат. Бу иште Москва региондо жалгыз калган союздашы Сербияга көп огожо артат. Эгер Россия Косовонун көз карандысыздыгын тааныса, орустардан сербдердин өтө жаман көңүлү сууйт. Сербия мурдагы югослав республикаларындай кандай да болсо НАТОго, Евросоюзга өткөнгө дам уруп калат. Россия баарыдан мурда мына ушуга жол бергиси келбейт, дейт Волк. Анын айтымында, Россия бу маселеде беймунасалуу катуу позицияны карманып алды. Ал ар кандай кадамга, Коопсуздук Кеңешинин чечимине вето салганга чейин барууга даяр.
Ошол эле учурда Москванын ветосу Улуттар Уюму менен Россиянын ортосундагы мамилелерди начарлатышы мүмкүн. Россиялык эксперт Артем Улуньян буга кошумчалап, Москва менен Евросоюздун ортосунда да олуттуу проблемалар чыгарын көрсөтөт. Экинчиден, Россия постсоветтик аймакта өзүнүн аракеттерин күчөтүшү мүмкүн. Бу жерде өзүн өзү эгемен деп жарыялаган, эч ким тааныбаган аймактар бар. Кеп баарыдан мурда Абхазия менен Түштүк Осетия, Трансднестр тууралуу болуп жатат.
Башка бир байкоочулар Европа жана АКШ быйыл жыл этегине чейин Косово проблемасында Россия менен мунаса тапканга жетишиши да мүмкүн дешет. Бул пикирди АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон Маккормакк ырастагандай болду. Косового байланыштуу ООНдун Коопсуздук Кеңешиндеги резолюцияга вето салынышы эч кимге кажет эмес, деп айтты ал. Ошол эле учурда региондо жаңы кооп-козголоң чыгып кетишин да эч ким каалабайт. Косово проблемасына Россиянын өкмөтү башкача өңүттөн карай турганын айтып, Маккормакк тараптар орток пикир тапканы талкуу-таңаштарды улантып жатканын кошумчалады.