Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:38

ПАЛЕСТИН ЖАҢЖАЛЫНЫН КҮЧӨШҮНДӨ ҮЧҮНЧҮ КҮЧТӨР КҮНӨӨЛҮҮ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Палестин автономиясынын өз ара араздаш Хамас жана Фатах топторунун салгылашуулары уланып жатат. Кечээ Газа тилкесинде болгон ок атышууларда тогуз киши курман болду. Өткөн 24 сааттын ичинде баары болуп 26 киши мерт болгондугу маалымдалды.

Кечээ радикал исламчыл Хамас согушкерлери Фатахтын жооптуу кызматкери Махер Магдад жашаган үйдү чабуул жасаганда болгон ок атышууда алты киши курман болду. Ошол эле күнү Газа тилкесинде болгон башка бир ок атышууда дагы үч киши мерт кетти. Андан мурунку күнү болсо Хамасчылар фатахчы президент Махмуд Аббастын көзөмөлүндө турган коопсуздук күчтөрүнүн кеңсесин аткылап, Джабалия деген палестин качкындар лагерин бүтүндөй басып алышты. Салгылашуулар бүгүн да уланып, 24 сааттын ичинде курман болгон адамдардын саны жергиликтүү оорукананын малыматы боюнча 26 кишиге жетти. Палестин автономиясынын премьер-министри Исмаил Хания менен президент Махмуд Аббас атаандаш Хамас менен Фатах согушкерлеринен куралдуу кагылыштарды токтотууну бир нече жолу талап кылышты. Бирок, салгылашуулар басылбай келатат. Байкоочулар палестиндер бири- бирин мыкаачылык менен өлтүрүп жатышканын маалымдашат. Өткөн үч күндүн ичинде салгылашуулар менен ок атышууларда 55 киши курман болду, алардын көбү Фатахтын тарапкерлери.

Түзүлгөн оор кырдаалга байланыштуу өткөн түнү Фатахтын жетекчилери чукул жыйын өткөрүп, президент Аббаска мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү укугун берүү керек деген чечимге келишти. Андан сырткары коалициялык өкмөткө кирген фатахчы министрлердин баары Газа тилкесиндеги абал тынчыганга чейин ишке чыкпай турганын, абал тынчыбаса Фатах менен түзгөн коалициялык өкмөттөн чыгып кетерин билдиришти.

Саясий байкоочулар Палестин автономиясындагы ички жаңжал күч алып баратканын жана Газа тилкесинен Иордандын батыш жээгине өтүп кетиши мүмкүн экенин айтып жатышат. Бак талашкан эки атаандаш топту жараштырууга аракеттенип жатышкан мисирдик ортомчулар элдешүүгө эки тарап тең кызыкпаганын белгилеп, жаңжалдын күч алышына үчүнчү бир күчтөр кызыкдар экенин боолголошот.

- Мындай акыбалдын түзүлүшүндө албетте палестиндердин күнөөсү бар. Бирок, буга үчүнчү бир күчтөр да кызыкдар, аны биз ырастай алабыз. Ошондой болсо да палестиндер акыркы 20 жылдын ичиндеги күрөштүн жетишкендиктерин жоготуп коюуп жатышканын аңдоолору керек,- деди Мисирдин тышкы иштер миинстри Ахмет Абул Гейт кечээ күнү журналисттердин алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Хамасчылар түзүлгөн кырдаалдын артында Израиль менен АКШ турат, деп айыптап жатышат. Бирок, мисирдик министр Ахмед Абдул Гейт мында Ирандын да ролу бар экенин божомолдойт.

XS
SM
MD
LG