Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:02

АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТ ИШИ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ


Аксы окуясына байланыштуу соттук териштирүүнү Жогорку сот 28-июнга жылдырды. Бул Аксыдан келген жабырлануучулардын нааразылыгын туудуруп, 33 адам сот залынан чыкпай ачкачылык жарыялашты. Алар сот жараянын кайрадан эртерээк баштоону же Аксыга барып келген жол кирени төлөп берүүнү талап кылышууда. Ушул эле күнү Аксы окуясына байланыштуу башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов Аксы окуясына байланыштуу көтөрүлгөн жаңы жагдайларга түшүндүрмө беришти.

Жогорку сотто Аксы окуясы боюнча мурдагы алты мамлекеттик кызматкердин үстүнөн жүргүзүлгөн сот ишине байланыштуу сот чечимдерин жокко чыгаруу боюнча соттук териштирүү болору күн мурунтан айтылган. Саат 9:30 га белгиленген сот жараяны 11де башталып, бирок, дароо сот төрагасы Акылбек Маткеримов соттук териштирүү эки жумага жылдырыла тургандыгын жарялады. Ал муну ишти кароого жаңы судья Курманбек Жороевдин тартылганын, анын иш менен таанышуусу үчүн убакыт керектиги менен түшүндүрдү:

- Бир судьябыз алмашып, ал иш менен таанышып чыгуусу керек болуп калды. Ага убакыт керек. Ошондуктан, жылдырууга туура келди.

Сот төрагасынын маалыматы залдагы жабырлануучулардын нааразылыгын туудурду. Аксылыктар сот залынан чыгуудан баш тартып, ошол жерден ачкачылык жарыялашты.

Жабырлануучулардын бири Гүлбара Ашырова Аксыдан келип, сотко катышуу оңой иш эмес дейт:

- Окуп алып, анан чакырышпайбы. Анда эмнеге чакырышат? Аксыдан келип-кете берүү оңой эмес.

Гүлбара Ашырованын сөзүн коштогон дагы бир жабырлануучу Анаралы Назаркулов эч жакка кетпей ачкачылык жарыялаша тургандыгын билдирди:

- Жок дегенде жол киребизди төлөп берсин же болбосо тез арада кайрадан ишти кароону баштасын. Биздин башка бара турган жерибиз жок, ошондуктан, ачкачылык жарыялап, ушул жерден чыкпайбыз.

Соттук териштирүүнүн жылдырылышы туура эмес деп эсептеген Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун бул тууралуу президентке маалымдай турганын билдирди:

- Жылдыруу туура эмес болуп калды. Булар Аксыдан алыстан келишти. Мен бул тууралуу президенттин өзүнө кирип документалдуу түрдө маалымат берем.

Түштөн кийин ачкачылык жарыялап отургандарга Аксыдан шайланган ЖК депутаты Азимбек Бекназаров келип жолугушту. Ал шайлоочуларын ачкачылык акциясын токтотууга чакырып, азыркы бийлик жана Жогорку соттун азыркы төрагасы турганда Аксы окуясы аягына чыкпайт деген оюн айтты.

Ушул эле күнү кечке жуук уюштурган маалымат жыйынында Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов Аксы окуясын териштирүүнү кечеңдетүүгө кызыкчылыгым жок деп билдирди.

Ушул тапта Жогорку Соттун сот залында Аксы окуясынын жабырлануучулары жана алардын жакындары, жалпысы болуп 33 киши ачкачылык кармап отурушат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG