Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

САРТБАЙ ЖАЙЧЫБЕКОВ: АКСЫ АЛААМАТЫНА КҮНӨӨЛҮҮ АДАМДАР ДАГЫ ЭЛЕ БИЙЛИКТЕ ОТУРУШАТ


- Буга чейин аксылыктар кан төгүүлөр үчүн чыныгы күнөөлүлөр жазаланган жок деп келишкен. Жалалабат облусунун ошол убактагы губернатору Султан Урманаевдин ролу чоң болду деп ойлойсузбу же ал жерде андан да бийик адамдар чечим кабыл алганбы?

- Бул жерде Аксы алааматына Урманаевдин кандайдыр бир жетекчилик кылып же көрсөтмө берүүчү ролу жокко эсе. Бул жерде андан жогорку бийликте турган адамдардын көрсөтмөсү, тикелей жетекчилиги болгон. Эми азыр эмнеге экени мага түшүнүксүз. Бул кишинин кылмыш жоопкерчилиги анчалык деле чоң эмес, көп кишилерге салыштырмалуу. Мисалы, ала турган болсок Карыпкуловго, ошол учурудагы министр Акматалиевге, анын орунбасары Садиевге салыштырмалуу бул кишинин кылган кылмыш жокко эсе. Эл менен барып сүйлөшүп, ошол учурдагы оор акыбалдан чыгаруу керек эле дегендей жыйынтыкка келип атышса керек, бирок анын колунан келбеди. Ошол жерде атып сал деген жери жок ал кишинин.

- Калган мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө эмне дейсиз, ушул кылмыш иши боюнча?

- “Тайфун” операциясы боюнча кээ бир кишилерге кылмыш иши козголуп атат, бирок адамдын өлүмү боюнча азырынча эч нерсе жок.

- “Тайфун” операциясын ишке ашыруу боюнча буйрукка ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев кол койгон деген божомолдор бар экен. Муну айрым укук коргоочулар менен саясатчылар айтып келатат. Юристтер, тергөөчүлөр ошол документти таба алышабы?

- Азырынча таба алышат деп айта албайм, бирок Курманбек Салиевич өзү элдин алдына Аксыга бир канча жолу барганда дагы “мен эч нерсеге кол койгон эмесмин, мен бул иште четте болчумун, өз эрким менен ошол учурда бийликтен кеткем” деп айтып келатат. Бул канчалык деңгээлде чын экендигин такташ азырынча кыйын. Себеби ал киши барып өзү сурак берсе, анда бир жаңсыл болот эле. Бул киши өзүн тергөөнүн алдында толук камдуу актап койгон атат. Мунун келечегин кандай болот? Келечегинде Азиза Абрасулова айткандай, азыр туруп Бакиев өзү күнөөлү, өзү кол койгон деген айыптар коюлуп атат. Эгер эртели-кеч президенттиктен кете турган болсо, бул кишинин өзүн айыптап коюш эч кандай кыйынчылыкка турбайт ошол нерсени уюштуруп аткан адамдарга. Азыр деле Аксы окуясын иш жүзүнө ашырган адамдар, ок атууга уруксат берген адамдар дагы эле бийликте отурушат. Бардыгы билишет. Эртели-кечпи бул иш акырына чыгат. Орустар айткандай ким “крайний” дей турган болсо, азыркы президенттин өзүнө барып такалышы мүмкүн. Ошондуктан ушул учурда ачыгына чыгарыш керек дагы, элдин көңүлүн тынчытыш керек.

- Бул иште ошол мезгилдеги мамлекет башчы Аскар Акаевдин ролу кандай?

- Аскар Акаев көп жерде интервью берип жүрөт, мен билген эмесмин, мен чет өлкөдө болгом деп. Кандай бир чоң окуя болоордо ал дайыма чет өлкөдө болот. Анын тикелей катышы бар. Ал толук түрдө маалымат алып турган ошол окуя боюнча. Мүмкүн эмес мамлекеттин башчысына бүтүндөй Кыргызстанды башаламан кылган чоң кайгылуу окуянын жетпей калышы. Эгерде ал ошондой эле өзүн-өзү актап, мен чын эле ал окуяга катышым жок дей турган болсо, эмне үчүн президент болуп турган учурунда ушул ишти аягына чыгарып койгон жок. Көптөр айтат баш прокуратура тергей албай атат деп, бул жерде мамлекеттин башында отругандардын саясий эрки жетпей атат ошого.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG