Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

АКСЫ ОКУЯСЫНА ПРЕЗИДЕНТ КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН ТИЕШЕСИ БАРБЫ?


Аксы окуясына байланыштуу көрсөтмө берүүгө президент Курманбек Бакиев чакырылбайт. Бул тууралуу Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев кечээ маалымат жыйынында билдирди. 2002-жылдын 17-мартында “Тайфун” операциясын ишке киргизүүгө азыркы мамлекет башчы, мурдагы премьер-министр Курманбек Бакиевдин тиешеси бар деген божомолдор кээ бир укук коргоочулар жана саясатчылар тарабынан бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет.

Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин журналисттерге билдиргени боюнча азыркы президент, мурдагы өкмөт башчы Курманбек Бакиевдин Аксы окуясы боюнча көрсөтмө берүүсүнө зарылдык жок. Анткени учурда Аксы окуясына байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча, тактап айтканда “Тайфун” операциясын киргизүүнүн убактысы жана шарты такталып жатат:

- Мен өзүм ишти окуп, таанышып чыктым. Менимче бизге, тергөө органдарына сиздер атаган адамдарды суракка алуунун зарылчылыгы жок.

Азыркы президент, Аксы окуясынын тушунда премьер-министр болуп турган Курманбек Бакиевдин 2002-жылдын 17-18-мартындагы кан төгүүгө тикелей тиешеси бар деген божомолдор буга чейин далай жолу айтылып келген. Бул тууралуу экс-президент Аскар Акаев да Аксы окуясынын беш жылдыгында маалымат каражаттарына жазып чыккан. Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров экс-президенттин билдирүүсүндөгү факт боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоого тийиш болчу деп эсептейт:

- Аскар Акаев Аксы окуясына Курманбек Бакиевдин күнөөсү бар, чет өлкөдөн келсем “Тайфун”, “Буран” операцияларын киргизип койгон экен, деп айтты. Ушул боюнча кылмыш иши козголушу керек эле.

Азимбек Бекназаров азыркы бийликтегилердин Аксы окуясына тиешеси бар болгондугу үчүн бул иш акыйкат чечилбей жатат дейт:

- Эмнеге тиешеси жок болсо ал Коопсуздук кеңешинде Абышкаев, Карыпкулов, Акматалиевдердин катарында кызматтан бошоду эле? Жок дегенде ушуга юридикалык баа берилүүгө тийиш. Күнөөлүүлөрдүн баары азыр да бийликте отурушат. Бирөөсүн курмандыкка чалалы десе, ал паравоз кылып, баарын тартып чыгат.

Аксы окуясындагы кан төгүүгө, тагыраак айтканда ага алып келген “Тайфун” операциясын киргизүүгө эч кандай тиешеси жоктугун президент Курманбек Бакиев бир нече жолу айтып келген. Анын белгилөөсү боюнча ал убакта күч органдарынын баары башкы командачынын—ошол кездеги мамлекет башчы Аскар Акаевдин карамагында болгон.

Жаңы ачылган жагдай боюнча кылмыш иши козголгон Жалалабат облусунун мурдагы губернатору, азыр ЖК депутаты Султан Урманаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча мурдагы мамлекеттик кызматкерлер сурала турган болсо, ошол кезде бийликте турган адамдардын баары бирдей тергелүүгө тийиш:

- Мен суралып жаткан соң, экс-президент Акаевден тартып, ошол кезде бийликте турган адамдардын баарын бирдей сураш керек, баарына бирдей мамиле болуш керек. Мага кылмыш иши козголуп атса, эмне үчүн ал убактагы премьер-министр эч кандай жооп бербеши керек. Себеби мен билем, Аксы окуясына байланыштуу өкмөттүк штаб премьер-министрдин иш бөлмөсүндө өтүп жаткан.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG